Amnesty International: былтыр дүйнөдө 883 адам өлүм жазасына тартылган

Amnesty International уюмунун эн белгиси.

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму 2022-жылы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө баш-аягы 883 адам өлүм жазасына тартылганын билдирди. 16-майда жарыяланган докладда маалымат жашыруун болгону үчүн мунун ичине Кытайда өлүм жазасына кесилген “миңдеген киши” кошулбаганы айтылат.

Amnesty International Сауд Арабияcында былтыр бир күндө эле 81 киши өлүм жазасына тартылганын кошумчалады.

Уюмдун маалыматына ылайык, 2022-жылы Иранда 576, Сауд Арабияcында 196, Египетте 24 жана Америка Кошмо Штаттарында 18 киши өлүм жазасына тартылган. Мындай катаал жаза Түндүк Корея менен Вьетнамда да колдонулат. Бирок бул өлкөлөрдө да Кытай сыяктуу эле маалымат ачык жарыяланбайт.

Дүйнөдө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана буга байланыштуу кылмыштар менен алектенгендер өлүм жазасына көп тартылат. Былтыр Сингапурда эле баңгизатка байланышкан кылмыштары үчүн 11 адам өлүм жазасына кесилген. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдүн Дмитриевка айылында атышуу болгону кабарландыБокс: Мунарбек Сейитбек уулу - Кыргызстандын эгемен тарыхындагы биринчи медалдын ээси Жейми Флай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенттигинен кетет Казак бийлиги "Вагнерге" кошулуу кылмыш экенин дагы бир жолу эскерттиБишкек: Бала бакча ачууну каалагандар атайын окуудан өтүп жатышат