Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Бишкек: Бала бакча ачууну каалагандар атайын окуудан өтүп жатышат


Окутуунун катышуучулары.
Окутуунун катышуучулары.

Бишкекте менчик бала бакча ачып, иштетүүнү көздөгөн ишкер аялдар үчүн атайын окутуу уюштурулуп жатканын 16-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Үй шартында бала бакча уюштурууну каалаган аялдарды саламаттык сактоо, өрт коопсуздугу, мектепке чейинки билим берүү багыттары боюнча атайын даярдыктан өткөн тренерлер окутуп жатышат. Окуу аяктагандан кийин аларга үй шартында бала бакча ачып, иштетүүгө укук берүүчү сертификат тапшырылат.

Мэрия белгилегендей, бул долбоор алкагында уруксат кагазы жок бала бакча иштетип жаткандарга ишин мыйзамдаштырууга шарт түзүлөт.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жана ири шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Мамлекет жыл сайын жаңы бакчаларды ачууга аракет кылууда, бирок алар маселени толук чече элек. Мектепке чейинки курактагы ар бир төрт баланын биринде гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү бар экени буга чейин айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG