Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Акындардын "Айтыш төр" телесынагы жыйынтыкталды


Акматбек Султан уулу баш байгеге татыды.
Акматбек Султан уулу баш байгеге татыды.

Бүгүн 16-майда Бишкекте Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) Улуттук “Манас” театры менен биргеликте уюштурган төкмө акындардын республикалык “Айтыш төр” телесынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, таймаштын финалына көрүүчү катары катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Айтыш төрдүн” байге фонду 3 миллион сомду түзгөнүн билдирди.

1 миллион сомдук баш байге Акматбек Султан уулуна тийди. 1-орун жана 500 миң сом Кубат Тукешовго, 2-орун жана 350 миң сом Арген Биймырза уулуна, 3-орун жана 250 миң сом Чыңгызхан Кожошовго берилди.

Сынактын 2-туруна өткөн сегиз акындын ар бирине 100 миң сомдон сыйлык тапшырылды.

Акындарды ар тараптан сынаган, кыргыздын нарк-насилин даңазалаган долбоорго 12 акын катышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG