"Эки бир тууган 52 жылдан кийин гана көрүшүп, кучакташып ыйлашты"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” радиосунун кыргызча берүүсүн алгач обого алып чыккан, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай 17 жыл мурун 86 жашында Нью-Йорк шаарында дүйнө салган. Анын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Нью-Йорктогу мусулман көрүстөнүнө коюлган. Азамат Алтайдын өмүрүнүн соңку жылдарында бирге жашап, акыл-насаатын уккан жээни Гүлнара Турганбаева таякеси согуштун, тоталитардык системанын айынан бир туургандарын, мекенин 50 жылдан кийин гана көргөнүн эскерет.