Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:14

“Азаттыктын” топ жарган видеолору


"Азаттыктын" Таласта тартылган "Данисте" программасынан алынган сүрөт
"Азаттыктын" Таласта тартылган "Данисте" программасынан алынган сүрөт

“Азаттык” радиосу Кыргызстандагы карапайым элдин турмушун, дүйнөнүн булуң-бурчундагы журтташтардын жашоосун, дүйнөдөгү жана региондогу тенденцияларды социалдык тармактардагы платформаларында талбай чагылдырып келет. Алдыда “Азаттыктын” соңку бир жыл ичинде топ жарган берүүлөрүн эске салабыз.

YOUTUBE

"Агамдын сүйгөн кызына үйлөндүм". Баткенде курман болгон Жеңишбек

2022-жылдын 14-19-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Жумгалдын Миң-Куш айылында туулуп-өскөн 22 жаштагы Жеңишбек Иманбеков курман болгон. Жеңишбек 2019-жылы аскерге чакырылып, ошол бойдон чек арада келишимдик негизинде кызмат өтөп жаткан эле.

Ошол жылдын соңун утурлай Жеңишбектин сүйлөшкөн кызы, Баткендин Зардалы айылынын тургуну Нурзат маркум жоокердин бир тууган иниси Дүйнөбекке турмушка чыккан. “Азаттыктын” кабарчылары Миң-Куш айылына барып, бул үй-бүлө менен баарлашып келген. 2023-жылдын 8-апрелинде жарыяланган видео YouTube платформасында кеминде 1,5 миллион жолу көрүлдү.

Өзбек мафиясы Мирзиёевдин каарына калдыбы?

2023-жылдын октябрында Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчыбек Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөндөн кийин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн жаңы толкуну башталганы жарыяланган. Кримдүйнөгө байланышы бар адамдар камакка алынып, айрымдары кылмыштуу аракеттерден баш тартканын ачык жарыялоого аргасыз болду.

Кыргызстандагы бул окуялардан эки ай өтпөй коңшу Өзбекстанда да кримтөбөлдөр биринен сала бири кармалып, аларга түрдүү айыптар менен кылмыш иши козголду. Алардын арасында кыргыз саясатчыларын жана ишкерлерин утур-утур кабыл алып турган, “Салимбай Байбача” атка конгон Салимбай Абдувалиев да бар. “Азаттыктын” чөлкөмдөгү кылмыш дүйнөсүнө байланыштуу окуяларды талдаган “Биз жана дүйнө” программасы кеминде 1 миллион жолу көрүлдү.

Мексика-АКШ: "Каракчыларга кул, жырткычка жем болуп кала жаздадым"

“Азаттык” радиосу Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан Борбордук Америка жана Мексика аркылуу кооптуу жол менен АКШга жол тарткан мигранттардын тагдырын байма-бай чагылдырып келет.

Ар кандай кырдаалдан улам океандын аркы жагындагы жакшы жашоого жетем деген мигранттар өмүрүн тобокелге салып алыска аттaнышат. 2023-жылдын жайында “Азаттыктын” кабарчылары Мексикага жана АКШга барып, мигранттар туш болгон кыйынчылыктарды өз көзү менен көрүп келишкен.

Алар даярдаган тасмада бир нече өлкөнү мыйзамсыз кесип өтүп, маңзат жана адам аткезчилиги менен алектенген кылмыштуу топтордун колуна түшүп, узак жолдун тоодой тобокелдиги менен азап-тозогун тартып, алтургай жакындарынан айрылган окуялар баяндалат. “Америка кыялына” жетелеген тар жол, тайгак кечүүнүн адам тагдырына тийгизген таасири тууралуу бул тасма 650 миң жолу көрүлдү.

Амударыя: "Талибандын" долбоору суу чатагын баштайбы?

Ооганстанда талибдердин өкмөтү куруп жаткан Коштөбө каналы Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө, өзгөчө Өзбекстанда олуттуу тынчсызданууларга себеп болду. Бул долбоор региондо суу таңкыстыгын пайда кылат деген санаркоолорго жол ачты.

“Талибан” өкмөтү өлкөнүн түндүгүнө чоң канал куруу долбоорун 2022-жылдын 31-мартында сунуштаган. Канал Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат.

“Азаттык” радиосунун бул долбоордун чоо-жайын талдаган берүүсү YouTube платформасында 560 миң жолу көрүлдү.

Украинадагы уруш: орус паспорту үчүн отко түшкөндөр

Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына эки жылга чукулдап калды. 21-кылымда Европада болуп жаткан алаамат качан, кантип аяктары азырынча белгисиз. Миңдеген бейкүнөө кишинин, аялдар менен балдардын өмүрүн алган согуштун азабын Борбор Азиядан барган мигранттар да тартып жатканы талашсыз.

2023-жылы “Азаттык” Украинадагы урушка тартылган мигранттар тууралуу иликтөөлөрүн жарыялаган. Алардын биринде орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, алыстагы согушка кеткен мигранттар тууралуу сөз болгон. Алты ай мурда жарыяланган бул берүү YouTube платформасында кеминде 535 миң жолу көрүлдү.

ИНСТАГРАМ

Орусияга унаа ташып иштеген айдоочу жардам сурайт

Кыргызстандык айдоочу Тынчыбек Молдалиев жүк ташуучу машине менен алты автоунааны Орусиянын Санкт-Петербург шаарына ташып бараткан. Жетерине бир сутка калганда жол кырсыгына кабылган. Машинелерди калыбына келтирүү үчүн ири суммада акчага муктаж болгон эле. Анткени ал жалданып айдоочу болуп иштейт жана унаалары камсыздандырылган эмес. Тынчыбектин оор абалы тууралуу “Азаттык” радиосунун “Мигрант Медиа” долбоору даярдаган видео “Азаттыктын” Инстаграм баракчасында 1,4 миллион жолу көрүлүп, эл ичинде Тынчыбекке кол сунгандар көп болду. Алардын көмөгү менен Тынчыбек кырсыктан улам мойнуна илинген карыздан кутулуп кеткенин “Азаттыкка” айтып берген.

Милиция соцтармактарда коркунучтуу оюн тарап жатканын эскертти

Журналисттер жарандардын саламаттыгына терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү алдын алууга да ар дайым көмөктөшүп келет. 2023-жылдын күзүндө кыргыз милициясы соцтармактарда коркунучтуу оюн тарап жатканын эскерткен. Милиция коңшу өлкөлөрдө балдар жол боюнда автоунаанын жакындашын күтүп, анын алдынан атайын чуркап өткөнү кооптуу азгырыкка айланганын эскертип, ата-энелерди уул-кыздарынын соцтармактарын көзөмөлдөп турууга чакырган. “Азаттыктын” мындай кооптуу оюндардан сактанууга арналган видеосу да Инстаграм платформасында эң көрүлгөн видеолордун (932 миң) арасында.

Ала-Арчадагы трагедия

Тилекке каршы журналисттерге адам өмүрүн алган аянычтуу окуяларды да чагылдырууга туура келет. Былтыр август айында 41 жаштагы Борис Михайлов сегиз жаштагы кызы Руфина менен Бишкектин үстүндөгү Ала-Арча паркында кокусунан каза тапканы көпчүлүк көрөрмандардын кабыргасын кайыштырган. “Азаттыктын” бул кейиштүү окуя тууралуу орус тилиндеги видеосу (896 миң) да көп реакция жараткан баяндардын бири болуп калды.

Бир айылда 10 аял өз өмүрүнө кол салган

Лейлек районундагы Андарак айылында 2023-жылы 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапканын “Азаттык” декабрдагы иликтөөсүндө аныктап чыккан. Бул кабар коомчулукта үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрдүн кесепети тууралуу талкууларга жем таштаган. Андарак айылындагы суициддин себептерин талдаган бул берүүнүн кыска версиясы Инстаграмда кеминде 650 миң жолу көрүлдү.

ФЕЙСБУК

Украин согушуна катышкан түркмөн жараны

Түркмөнстандык Абу Юнус - Украинаны коргогон борбор азиялыктардын бири. Ал былтыр жазында Бахмут шаары үчүн салгылашууларга ыктыярдуу батальондун катарында жүргөн учурда “Мигрант медиа” долбооруна маек куруп, согуштагы кырдаалды айтып берген. Ал Орусия борбор азиялыктарды Бахмут үчүн салгылашууларда жааган октун алдына салып берип жатканын эскертип, аларды орус жарандыгы үчүн согушка азгырылбоого чакырган. Бул видео Фейсбуктагы барагыбызда 3,5 миллион жолу көрүлдү.

Москвада жүргүнчү таксисти ур-токмокко алды

2023-жылдын жай айларында Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандыкка жанында отурган адам кол көтөргөн видео социалдык тармактарга тарап, талкуу жараткан эле. Бул видеодо машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башка-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Кыргызстандык таксистке кол көтөрүлгөн окуянын чоо-жайы тууралуу “Мигрант медиа” долбоорунун видеосу Фейсбукта кеминде 1,5 миллион жолу көрүлдү.

Кыргыз жараны Украинада набыт болду

Орусияда "адам уурдоо" жана "опузалап акча талап кылуу" айыбы менен соттолуп, абакта жазасын өтөп келген кыргызстандык 30 жаштагы Аян Алишеров былтыр жыл башында Украинадагы согушта каза тапканы белгилүү болгон. Маркумдун апасы Рахатай Абдивалиева уулунун Украинадагы урушка кандай жол менен кеткени табышмак экенин айтып берген. Жакындарына келген "кара кагаздагы" маалыматка ылайык, “Вагнер” тобунун катарында согушкан Аян Алишеров Украинанын Бахмут шаарына жакын жерде набыт болгон. Алишеровдун тагдыры тууралуу баян (1,2 миллион) 2023-жылы “Азаттыктын” көрөрмандарынын көңүлүн эң көп бурган видеолордун катарына кошулду.

“Алтымыш жашымда фитнес-машыктыруучу болдум”

“Азаттыктын” Бишкекте фитнес-машыктыруучу болуп иштеген Гүлнара Жолдошбаева тууралуу видео баяны да Фейсбукта миңдеген көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жана алардын жагымдуу ой-пикирлерин жаратты. Алтымыш жаштагы каарманыбыз дээрлик 40 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин спорт менен машыгып, атайын курсту аяктап, машыктыруучу болууну чечкен. Бул видео Фейсбукта кеминде 796 миң жолу көрүлдү.

ТИКТОК

Прокурордун бөлмөсүндөгү өзүн-өзү өрттөө аракети

8-июнда Ош шаарынын прокурорунун иш бөлмөсүндө шаар тургуну Жамила Бердиева өзүн өртөөгө аракет кылып, отурган жеринде бензин чачкан. Ал 1 миллион 800 миң сомго сатып алган балдар секирген батутун паркка коюуга тыюу салганы үчүн шаар бийлигине нааразылыгын билдирип, прокурорго даттанып келген. Бердиева Оштогу эс алуу багында жеке ишкерчилик менен алектенген. Ош мэриясынын өкүлү буга чейин ишкерге бир нече жолу эскертүү берилсе дагы аны аткарбай койгонун айткан. Шаардык кенеш сейил бакка батут орнотууга тыюу салган. Ишкер аялдын окуясын баяндаган видео ТикТок платформасында 2023-жылы эң көп көрүлгөн видео (4,3 миллион) болуп калды.

Орус паспорту бар мигранттарга каршы рейддер

Орусиядагы мекендештердин абалы кыргызстандыктарды көп тынчсыздандырарын буга чейинки мисалдардан баамдасаңыз керек. Мигранттар жөнүндө тартылган ар бир видеолорго көрүүчүлөрдөн көп реакция келет. Орусиянын жарандыгын жаңы алган борбор азиялыктарды Украинадагы согушка барууга мажбурлаган орус полициясынын рейддери да ТикТокто былтыр 2,5 миллион жолу көрүлгөн.

«Яндекс.Такси» жеке маалыматтарды коопсуздук кызматына берет

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрдан тарта "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына кире алары тууралуу маалымат былтыр кызуу талкууга айланган. Кыргызстанда кызмат көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы маалыматтар базасы тууралуу соңку сөздөрдү четке каккан. Бул окуянын чоо-жайы тууралуу видео ТикТок платформасында көп реакция жаратып, кеминде 1,6 миллион жолу көрүлдү.

Корей тилин үйрөнүп, жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

2023-жылы кыргызстандыктар корей тилин акысыз үйрөнүп, андан ары Түштүк Кореянын завод-фабрикаларына жумушка орношо алары кабарланган. Бул максатта Бишкекте атайын тил борбору ачылган. Чет өлкөдөн жумуш издеген мигранттарга түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүк тууралуу «Мигрант медиа» долбоорунун видеосу ТикТокто 1,1 миллион жолу көрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG