Пакистандагы куралдуу кол салууда 20дан ашык жоокер жараат алды

Кол салууда зыян тарткан аскердик автоунаа. 27-май, 2023-жыл.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы куралдуу кол салууда 20дан ашуун аскер жараат алды. Окуя 27-майда Дера Исмаил деген шаарда болгон.

"Машаал" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, Түштүк Вазирстандын Айман Манза аймагын көздөй бараткан коопсуздук күчтөрүнүн кербенине мотоцикл айдаган белгисиз адамдар чабуул койгон.

Бийлик теракт деп мүнөздөгөн бул кол салууга эч бир топ азырынча жоопкерчилик ала элек. Жараат алган аскерлер ооруканага жеткирилди. Чабуул койгондор изделүүдө.

24-майда Түндүк Вазиристан аймагынын Датта Хил шаарында жанкечтинин чабуулунан төрт киши, анын ичинде үч аскер набыт болгон.

21-майга караган түнү согушкерлер Мирли аймагындагы эки кыздар мектебин жардырышкан. 15-майда Мирлиде жанкечти кол салганда беш аскер жана үч карапайып тургун жараат алган. Ал окуяга жоопкерчиликти "Техрик-е-Талибан Пакистан" кыймылы алган.

Дагы караңыз

Днепр: Орусиянын чабуулунан каза болгондордун саны төрт кишиге жетти Түркия: президенттик шайлоодо ким жеңет? БШК: Бишкекте шайлоодогу мыйзам бузууга байланыштуу алты арыз түштү