Чүйдүн Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл казган ишканаларга каршы Кайырма, Байгелди, Арчалы айылынын отуздай тургуну чогулууда. Алар Кайырма айылында жолдон чоң машинелерди өткөрбөй жатат. Чогулгандар "карьер жабылсын, жолдон чоң машиналар өтпөсүн" деген талаптарды коюуда.
Аймактык милиция жолду ачууну эскертип, болбосо мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертүүдө.
30-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл казууну токтотуу маселеси көтөрүлгөн.
Эл өкүлдөрү өндүрүштүк ишканалар тургундардын ден соолугуна зыян келтирип, кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жок болушу, Байтик, Таш-Дөбө, Орок айылдарындагы жайыттардын кыскарышы сыяктуу көйгөйлөрдү айткан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин маалыматында Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл, чопо казып алууга 14 компания лицензия алган. Аймакта кызыл китепке кирген жаныбарлар бар деген маалыматтар түшкөн. 2022-жылы 31-августта Байтик Канай уулунун 200 жылдык мааракесинде президент Садыр Жапаров аны тарыхый жер деп атагандан кийин ишканаларга байланыштуу жумушчу топ түзүлгөн. (EBM)
Дагы караңыз
ТИМ: 18-23 жаштагы кыздардын сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келет