Швейцария парламенти Украинага курал берүүгө уруксат берген жок

Швейцария парламенти.

Швейцарияда чыгарылган курал-жаракты үчүнчү өлкөлөр Киевге бере албайт. Буга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору Берндеги парламентте колдоо тапкан жок.

"Lex Ukraine" деген аталыш менен белгилүү мыйзам долбооруна Швейцариянын Улуттук кеңешинин 98 депутаты каршы добуш берсе, 75и колдоду.

Буга чейин Швейцариянын Федералдык өкмөтү согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө курал жөнөтүүгө тыюу салган мыйзамга таянып, Германия, Испания жана Даниянын Украинага куралдан каралашуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Швейцариянын өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орусиянын Украинага кол салышын айыптаганда гана өлкөдө чыгарылган куралдын реэкспортуна уруксат берет.

Аталган кеңеште Орусия вето коюу укугуна ээ болгондуктан мындай вариант азырынча мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Мектептерде мамлекеттик сынактар башталдыФинансы министрлиги прокурорлор үчүн кенемтени кыскарткан мыйзам долбоорун сунуштадыЖогорку Нарын ГЭС каскады боюнча британиялык ишкана менен меморандум токтотулду