Ооганстанда мечиттеги жардырууда бир нече киши мерт болду

6-июнда Бадахшан провинциясында болгон кол салуудан кийин

Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан провинциясындагы мечитте жардыруу болуп, талибдердин Баглан шаарындагы коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы жана дагы бир нече киши мерт болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» ооган кызматына Бадахшандын Маалымат жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Моазуддин Ахмади билдирди.

Жардыруу 8-июнда Багланда губернатордун орун басарынын жаназасы маалында болгон. Маркум мындан эки күн мурун машинасына коюлган бомбадан каза тапкан.

Ахмади карапайым адамдар арасындагы жоготуулар көптүгүн, так саны аныктала электигин кошумчалады.

Кол салууну ким уюштурганы да азырынча белгисиз.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда «Талибан» кыймылы бийликти кайрадан басып алган. Андан бери өлкөдө талибдер касташкан “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдары күчөдү.

Дагы караңыз

ЕАЭБге үгүт: Москва мигранттар аркылуу Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүп жатабы?“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын чоо-жайыЖохар Дудаев жана баскынчыл рашизмКыргызстан-Катар: кызматташтыктын жаңы деңгээли