Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

ЕАЭБге үгүт: Москва мигранттар аркылуу Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүп жатабы?


7-июнда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулууну азырынча караштырбаганын билдирди. Бул маселе Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Дүйшөмбүдө тажик расмийлери менен сүйлөшүүлөрдө эмес, орус аскердик базасына барганда козголгон.

Лавровдун президент Эмомали Рахмон жана тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушуулары Орусияда тажик мигранттарына каршы зомбулук күчөгөн маалга туш келди. Мындан улам айрым аналитиктер Москва мигранттар аркылуу Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүүнү көздөгөнүн айтышат.

Тажикстанды ЕАЭБге үгүттөө

Орус жана тажик тышкы иштер министрлери. Дүйшөмбү, 6-июнь 2023-жыл
Орус жана тажик тышкы иштер министрлери. Дүйшөмбү, 6-июнь 2023-жыл

Тажикстандын тышкы саясий мекемеси Сергей Лавровдун визити учурунда эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, регионалдык коопсуздук, эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык маселелери гана кеп болгонун билдирди.

Орусиянын башкы дипломаты Тажикстандагы сапары маалында ал жакта жайгашкан орусиялык аскердик базага, андан кийин Орус-тажик (славян) университетине барганда Дүйшөмбүнү Евразия экономикалык биримдигине кошулууга кайрадан үгүттөгөн.

Лавров тажик бийлиги “жакын арада биримдикке кирүүнүн артыкчылыктарын аныктайт” деп үмүттөнөрүн айтты:

“Тажикстандын ЕАЭБ менен жакындашуусунун перспективасын статистикадан да баамдаса болот. Евразия банкынын маалыматына караганда, 2022-жылы Тажикстандын сырткы соодасынын 44 пайызы биримдикке туура келген экен”.

Тажикстандын Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан кирген экономикалык уюмга кошулуу маселеси 2015-жылдан бери талкууланганы менен олуттуу жылыштар байкала элек. Быйыл мартта орус өкмөт башчысы жетектеген делегациянын Дүйшөмбүгө сапары маалында да андай аракет көрүлгөн.

Борбор Азия боюнча саясат талдоочу Аркадий Дубнов “Настоящее время” телеканалы менен маегинде, андай сунуштун тажик бийлиги менен жолугушууда айтылбаганына көңүл бурду.

“Буга чейин, жылдар бою Дүйшөмбү бул демилгеге кошуна Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышып жатабыз деп жооп кайтарып келген. Мындай шылтоо бир нече үстөлдө отурууга - Орусия менен да, Кытай менен да жакшы мамиледе калууга аракеттенген тажик бийлигинин туруктуу позициясына айланып калды. Ал эми мигранттар маселеси өтө сезимтал. Мигранттар которгон миллиарддаган доллар каражат казынанын маанилүү бөлүгүн түзөт. Анын үстүнө согуш шартында бул маселенин дагы бир өңүтү пайда болууда. Атап айтканда, орус жарандыгын алган борбор азиялыктар жаңы мекени алдында милдетин аткарып “атайын аскердик операциянын” зонасына барсын деп келатышат. Дүйшөмбү буга салкын карайт деп айта албайм. Кыскасы, кырдаал өзгөрдү. ЕАЭБге киргиле деген чакырык дароо тажик бийлигинин оң реакциясын жаратат деп ойлобойм. Мигранттар маселеси Тажикстанга басым көрсөтүүнүн инструментине айлангандай”.

Лавровдун сапарынын максаты

Жеңиш күнүндөгү иш-чарага катышкан лидерлер, Москва. 9-май, 2023-жыл
Жеңиш күнүндөгү иш-чарага катышкан лидерлер, Москва. 9-май, 2023-жыл

Аскердик базага барганда орусиялык министр Борбор Азия "коллективдүү Батыш" менен Орусиянын тирешиндеги кезектеги майданга айланып калды деген ою менен бөлүштү. Министр буга чейин эле кайталап келаткан риторикасына салып, Украинадагы согушту актап, АКШ Ооганстандагы террористтерди колдоп жатат деген тариздеги пикирин айтты.

Лавров Вашингтон Ооганстан менен кошуна өлкөлөргө аскердик инфраструктурасын кайтаруу оюнан баш тарткан жок деп айыптады.

Быйыл апрелде кызматына киришип жатып, АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчиси Мануэл Микаллер анын өлкөсү Тажикстанга коопсуздук тармагында жардам берип жатканын, Ооганстан менен чек арасын бекемдөө артыкчылыктуу багыттардан экенин белгилеген.

Аймакка коз салган дагы бир эксперт Брюс Панниер Лавровдун сапары бир нече максатты көздөгөнүн айтат.

"Учурда Орусия союздаштарга муктаж. Украинага каршы согуштан улам Москвага нааразылык күчөдү, эл аралык колдоодон, досторунан айрылып жатат. Мындан тышкары, Тажикстанды Евразия экономикалык биримдигине тартуу аракетин улантууда. Москваны Дүйшөмбүнүн саясатында түйшөлткөн бир маселе бардай. Тигил же бул жүйөдөн улам Тажикстан Батышка ыктап жаткандай. Эки айдай мурун АКШ менен аскердик машыгууга катышкан. Муну менен катар Кытай менен да жакындашуусу байкалууда. Балким, Лавровдун визити ортодогу маселелерди талкуулоону көздөгөн. Орусия Тажикстан менен өнөктөш болууну каалайт жана ага муктаж экени айдан ачык. Москва чет мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чараларды уюштуруу менен жалгыз эмеспиз, обочодо калган жокпуз деп көргөзүүнү максат кылат".

Дубнов ошол эле маалда Лавров Тажикстанды кызыктыра турган экономикалык конкреттүү сунуштарды алып келбегенин белгиледи.

“Мен анын 201-дивизияда (орус базасында) сүйлөгөн сөзүн жакшылап окуп чыктым. “Биз азыр Орусия-Борбор Азия саммитинде белгиленген иш-чаралардын планын түзүүнү аяктап калдык” деген сүйлөмгө көңүл бурдум. Ал саммит адашпасам, былтыр октябрда болгон. Демек, 9 айдан кийин гана Орусия "пландарды белгилөөнү аяктап калдык" деп айтып атат. Бул силерге Кытайдын же Батыштын пландары эмес. Пландар жок деп айтат элем”.

Саясат талдоочу Дүйшөмбүнүн биримдикке кошулууга шашпай жатканын мандайча чечмелейт:

"Менимче, биримдикке мүчө болуу менен уюм алдында алган милдеттенмелер Тажикстанга башка өлкөлөр, биринчи кезекте Кытай менен эксклюзивдүү алака-катнаш түзүүгө жолтоо болот деген чочулоо бар. Бул анык эле маселе болуш керек".

ЕАЭБ түзүлгөндөн бери анын Орусиядан башка бардык мүчөлөрү ар кайсы платформаларда өз дооматтарын айтып, ички таарынычтар ачыкка чыгып жүрөт. Анын ичинде Кыргызстандын бийликтери да тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу маселе көтөргөн. Бир нече күн мурун эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвада өткөн форумда биримдиктин ички-сырткы маселелери, келишпестиктерди козгоп, Орусия менен Беларустун ашыкча жакындашканын айтып өткөн.

Тажик мигранттарынын маселеси

Кызыгы, ушул эле күндөрү Тажикстанда Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев да жүрдү. ЖМКлар анын сапары тууралуу алдын ала жарыяланбаганын белгилешет.

"Эки визиттин дал келүүсү, Лавровдун да, ички мекеменин башчысынын да келгени - Орусия мигранттарга жасалган мамиленин, уруп-сабоолордун терс кесепетин азайтууну көздөйт. Тагыраагы, кырдаалды жумшартуу аракетин көрүүдө деген ойго жетелейт", - дейт тажикстандык эксперт Абдумалик Кодиров.

Эсиңиздерге сала кетсек, бир нече аптадан бери Орусиядагы тажик эмгек мигранттары ал өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна кабылып келатат.

“Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, май айында полиция жүздөгөн тажик мигрантын кармап, сабап, ондогону депортацияланды.

Москвада кармалган тажик мигранттары. 2023-жылдын май айы.
Москвада кармалган тажик мигранттары. 2023-жылдын май айы.

Кара жумушта иштегендер гана эмес, мисалы, Комсомольск-на-Амуре шаарында окуган тажик студенттеринин тобу аларды милициянын атайын түзүмүнүн (ОМОН) кызматкерлери аеосуз сабаганын айтып беришкен.

Орусия бийлиги мигранттарга каршы эки жумалык рейддер Москванын четиндеги Котельников районунун тургундары жазган арыздын негизинде жүргөнүн, азыр токтогонун билдиргени менен, тажик жарандары катуу текшерүүлөр дагы деле уланып жатканын айтып, видео, сүрөттөрдү жарыялап келатышат.

Лавров менен жолугушууда тажик тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин мигранттар маселесин козгоп, алардын негизги укуктарын сактоого чакырды.

“Биз эки өлкөнүн миграция чөйрөсүндөгү кызматташууну талкууладык. Тажик тарап Орусиянын мамлекеттик органдары миграциялык жараяндарды тартипке келтирүү үчүн жүргүзгөн пландалган жана пландалбаган иш-чаралары маалында ал өлкөнүн аймагында жүргөн Тажикстан жарандарынын негизги укуктары менен эркиндиктерин урматтоо керектигин белгиледи. Бул контекстте тартип коргоочу органдар аркылуу орус тарапка биздин жарандарга жасалган мындай мамиленин мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тууралуу расмий кайрылуу жолдодук”, - деп билдирди Мухриддин кабарчыларга.

Жыл сайын тажикстандык миңдеген мигрант Орусияга акча табууга жөнөйт. Айрымдары орус жарандыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG