Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Садага чабылган жарандык коом. Борбор Азиядагы репрессия


2022-жылдын июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон каршылык акциясы.
2022-жылдын июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон каршылык акциясы.

Былтыр Тажикстандын жана Өзбекстандын автономиялуу аймактарында башталган каршылык акциялары кандуу жазалоо менен аяктаган.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда (ТБАО) жана Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу республикасында ондогон адамдар набыт болуп, жүздөгөнү камакка алынды.

Эксперттердин айтымында, репрессиядан жарандык коом катуу жабыркаган, бул эки мамлекеттин авторитардык режими биринчи кезекте белгилүү укук коргоочуларды, журналисттер менен коомго сөзү өткөн жергиликтүү лидерлерди бутага алды.

“Каракалпакстандагы жана Тоолуу Бадахшандагы демонстрацияларды кууп таратуунун окшоштугу – каяша айткандардын үнүн басуу үчүн уюшулган иш-аракеттер болду: бийлик жергиликтүү калктын нааразылыгын билдирген жарандык лидерлердин оозун жаап, облустарды катуу тескей баштады”, – дейт Түштүк Калифорния университетинин окутуучусу Стив Свердлоу.

Тажикстанда 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразы болуп көчөгө чыккандарды басканда, расмий маалыматтар боюнча 16дан кем эмес киши набыт болгону айтылды. Бирок “Азаттыктын” журналисттери 34 адам өлгөнүн ырасташты.

Июль айында Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү Каракалпакстан Республикасынын автономдуу макамын жоюуга багытталган конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккандарды тынчытуу үчүн көчөдөгү элге ок аткан. Ташкенттин маалыматында, бул калабада 21 адам набыт болгон.

Тажик жана өзбек бийликтери репрессияга кабылгандардын көпчүлүгүн "бөлүнүп кетүүгө жана зомбулукка үндөгөн" деп айыпташты. Укук коргоочулар бул айыптоолор саясий мүдөө менен айтылды дешет.

Кыңк эткендерди толугу менен жок кылуу керек”

Тажикстанда репрессияга кабылган эң көрүнүктүү инсандардын бири – укук коргоочу Ульфатхоним Мамадшоева, памирлик журналист.

Бийлик Тоолуу Бадахшан калкынын көпчүлүгүн түзгөн (250 миң адамга чукул) элдин лидерлерин аймакта тополоң чыгарган деп айыптады.

Декабрда Мамадшоева экстремизмге айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылган. Ушул айдын башында жазасын өтөшү үчүн аны убактылуу кармоочу жайдан аялдар колониясына которушту.

Ульфатхоним Мамадшоева жана анын мурунку күйөөсү Холбашов.
Ульфатхоним Мамадшоева жана анын мурунку күйөөсү Холбашов.

Мамадшоева жана анын мурдагы күйөөсү Холбаш Холбашов камакка алынгандан көп өтпөй, мамлекеттик телеканал алар нааразычылык акцияларын пландаштырууга жана уюштурууга жардам бергенин мойнуна алышты деген маанидеги тасманы көрсөттү.

Бирок андан бир нече күн мурда Мамадшоева “Азаттыктын” Дүйшөмбүдөгү тажик редакциясына курган маегинде нааразычылык акциясына катышпаганын айткан.

Маек аяктаганда белгисиз адамдар журналисттерге кол салып, жабдууларын тартып алышкан. Ошентип, маек эфирге чыкпай калды.

Мамадшоеванын ишин жакындан билген, атын ачык айткысы келбеген киши “Азаттык” менен маектешип, ал чындыгында Гулбидин Зиёбеков аттуу памирлик жигиттин өлтүрүлгөндүгү жөнүндө көп жазып, узак жылдар бою сынчыл журналист катары таанылганы үчүн 2021-жылы жазаланып камакка алынганын билдирди.

“Бул окуяга ал аял жана эне катары кайдыгер карай алган жок”, – деди маектеш.

Зиёбековдун өлтүрүлгөнүнө жана Дүйшөмбүнүн жергиликтүү кызмат адамдарын иштен кетирүү чечимине кыжырданган эл май айында каршылык көрсөтүп чыкты.

Тоолуу Бадахшан облусундагы көйгөйлөр жана жергиликтүү калк менен борбордук өкмөттүн ортосундагы ишенимдин солгундашы 1992– 1997-жылдардагы жарандык согуштан бери топтолуп, күчөп кеткен.

Ошондогу чыр-чатакта Мамадшоева жана Холбашов баштаган жергиликтүү лидерлер Бириккен тажик оппозициясын (БТО) жактап турган.

Андан кийин тынчтык орноп, Дүйшөмбүнүн тоолуу аймактагы кез-кезде бошоңураак болгон бийлиги калктын иштиктүү катышуусу менен жогорку деңгээлдеги жарандык маданияттын түптөлүшүнө өбөлгө түздү.

Тажикстандын башка аймактарында Эмомали Рахмон саясий оппозицияны дээрлик жок кылууга жетишкен.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тоолуу Бадахшанда бейформал лидерлер пайда болуп, булардын жергиликтүү элге таасиринин күчөшүнө Дүйшөмбү тырчый баштаган.

Лондондогу Ага Хан Исмаилиттерди изилдөө институтунун кызматкери Замира Дилдорбекова аймактын тургундары жарандык коомду “өкмөткө каршы” күч деп эсептебей турганын билдирди.

“Ачык-айкындык болсун, бийлик эл менен эсептешип турсун деген талаптары жарандык коомдун жана жарандык жигердүүлүктүн маанисин арттырат. Калың элге жетишпей жаткан ар түрдүү кызматтарды дал ушул жарандык коом камсыздап турат”, – деп түшүндүрдү Дилдорбекова “Азаттыкка” курган маегинде.

Көптөгөн памирликтер исламдын шиит агымын – исмаилизмди тутунат, ал эми тажиктердин көпчүлүгү – сунниттер. Чет өлкөлөрдө жашаган исмаилиттердин рухий лидери Ага Хан негиздеген фонд Тоолуу Бадахшандагы жана Тажикстандын башка аймактарындагы каржылоо жана кайрымдуулук долбоорлоруна катышып келген.

Байкоочулардын айтымында, азыр жарандык коомдун ишмердиги кыйла чектелүүдө.

Тоолуу Бадахшандагы нааразычылык акциясы. 2022-жылдын май айы.
Тоолуу Бадахшандагы нааразычылык акциясы. 2022-жылдын май айы.

Май айындагы каршылык акциясына бөгөт коюлгандан кийин, Дүйшөмбүнүн аймакты толугу менен көзөмөлдөө аракетине каршы чыккан бир катар көрүнүктүү бейформал лидерлерди коопсуздук күчтөрү куугунтуктап, камакка алып, айрым учурларда көзүн тазалашкан.

Андан кийин ондогон кишилер, анын ичинде Зиёбековдун өлүмү боюнча акыйкат тергөөнү талап кылган атайын комитетти түзгөн активисттер камакка алынды.

Ушул айдын башында, аскердик нааразылык акциясына бөгөт коюу операциясына бир жыл болуп калган кезде, ТБАОдагы жарандык топтордун беш өкүлү өкмөт бул уюмду ыктыярдуу түрдө таркатууну талап кылып, кысым көрсөтүп жатканына даттанышты.

“[Биздин] уюм бийликтегилерге кереги жок окшойт”, – деди “Азаттыктын” тажик редакциясына өч алуудан коркуп өз атын атагысы келбеген, бул бирикмелерге катышы бар киши.

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө түшүндүрмө берип, ТБАО администрациясынын басма сөз катчысы “аймактагы кылмыштуу топтор менен иштешкен БӨУлар гана жабылууда” деп, жапырт куугунтук болуп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Бийликтин өкүлү “бул уюмдардын уставдарында жана каттоо документтеринде көптөгөн катачылыктар” табылды деп кошумчалады.

Бирок Исмаилиттерди изилдөө институтунун өкүлү Дилдорбекова Тажикстандын өкмөтү “бийликтин пикири боюнча, режимге каалаган убакта кандайдыр бир жол менен коркунуч келтириши мүмкүн болгон жарандык активисттерди тобу менен да, жекече да бүт бойдон жок кылуу керек деп эсептейт”.

Каракалпакстандагы зомбулук жана Өзбекстанда “жазгы жылымыктын” аякташы

Өзбекстанда бийликтер белгилүү коомдук ишмерлерди, анын ичинде теги каракалпак юристи жана журналисти Даулетмурат Тажимуратовду куугунтукка алды.

Былтыр Каракалпакстан автономиялуу республикасында өкмөткө каршы болуп көрбөгөндөй акциялар өткөндөн кийин январь айында Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылды. Ал өзүн Каракалпакстандын башкаруучусу болуу үчүн жергиликтүү бийликти кулатууга аракет кылганы үчүн айыпталды.

Өткөн аптада Тажимуратовдун иши боюнча апелляциялык арыз каралды. Анын адвокаты Сергей Майоров “Азаттыкка” маек куруп, Даулетмуратты “саясий туткун” деп атап, ал бийликтин катачылыгы үчүн жаза тартып жатканын белгиледи.

Майоров айткан катачылык - өзбек бийлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен 2 миллиондой калкы бар аймакты өз алдынча болуу үчүн референдум өткөрүү укугунан ажыратууну көздөгөн чечим эле.

Даулетмурат Тажимуратов Каракалпакстандагы демонстранттар менен сүйлөшүп жатат. 2022-жыл, июль.
Даулетмурат Тажимуратов Каракалпакстандагы демонстранттар менен сүйлөшүп жатат. 2022-жыл, июль.

Тажимуратов жана башка коомдук ишмерлер бул кадамга ачык эле каршы чыккан. Анын камакка алынышы 1-июлда аймактын борбору Нукуста жапырт каршылык акцияларынын чыгышына алып келген.

ТБАОдан айырмаланып, Каракалпакстан – өз желеги жана парламенти бар автономиялуу республика, казак тилине окшош каракалпак тили расмий макамга ээ.

Коопсуздук кызматкерлери элге ок атып, нааразычылык акцияларын кан төгүү менен баскандан кийин Ташкент Конституцияга киргизүү үчүн сунушталган өзгөртүүлөрдү жокко чыгарды.

Каракалпакстандын өзгөчө макамы бар экенине карабастан, борбордук өкмөт республиканы катуу көзөмөлдөп турат. Бул аймакта жарандык коомдун ишмердиги Өзбекстандын башка жерлерине караганда чектелген.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев.

Соттун жүрүшүндө Тажимуратов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2016-жылы бийликке келгенден берки реформа жүргүзүү аракетин жогору баалады. Анын айтымында, ошол өзгөрүүлөр аркасында активисттер ар кандай маселелерди ачык талкуулай алат.

Көптөгөн эксперттердин айтымында, былтыркы зомбулук авторитардык режимдин “жумшаруусун” токтотуп коюшу мүмкүн.

Тажимуратов – январь айында соттолгон 20дан ашуун айыпталуучунун бири. Март айында дагы ондогон кишилерге айып тагылды.

“Менин оюмча, Өзбекстандагы реформалардын жана эркиндиктин келечеги Каракалпакстанда болуп жаткан окуяларга байланышкан", – дейт Казакстанда жашаган каракалпак активисти Акылбек Муратов.

“Бир аймакта репрессиялар болуп, башка аймактарда болбосо, анда учурдагы этникалык жиктешүү тездеп кетет. Туруктуулук болбойт. Ташкент Каракалпакстан боюнча кандай гана саясат жүргүзбөсүн, таасири бүтүндөй Өзбекстанга тиет”, – деп кошумчалады Муратов.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG