Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:33

Тажик бийлигинин камоо менен бүткөн кысымы


Жайында Тоолуу Бадахшандын Рушан районунда демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда катуу кагылышуулар болду.
Жайында Тоолуу Бадахшандын Рушан районунда демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда катуу кагылышуулар болду.

БУУнун адам укуктары боюнча эксперти Мэри Лоулор тажик бийликтерин катуу сынга алып жаткан чакта, тажик соттору шектүү өкүмдөрдү чыгарып, активисттер менен көз карандысыз адвокаттарды узак мөөнөткө соттоону улантууда.

“Чегине жеткен жоопкерсиздик”

Караңгы түрмө камерасынан чыккан үн: “Мен адвокатым менен сүйлөшкүм келет”. Кийинки камерадан чыккан үн: “Мен бул жердемин!”.

Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда соңку кезде репрессия күчөп турган кезде көптөгөн өлкөлөрдүн адамдары түшүнгөн бул кейиштүү тамаша айрыкча Тажикстанга ылайык келчүдөй. Бул жакта бийликтер оппозиция жана жарандык активисттерге, журналисттер менен аларды коргоого бел байлаган кайраттуу кишилерге каршы бир нече жылдан бери согуш жүргүзүп келет.

Атүгүл ушул айда БУУнун адам укуктары боюнча жогорку даражалуу адиси Дүйшөмбүгө барганына карабастан, тажик чиновниктери “жеткен чегинде” токтоп калган жок.

БУУнун адам укуктарын коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор эки жумалык сапарын Тажикстандагы жарандык эркиндиктердин абалын баалоо менен аяктап калганда, бийликтер кезектеги репрессияларды жүргүзүп жаткан.

9-декабрда БУУнун атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Дүйшөмбүгө барды. Ал тажик аткаминерлерине “коомдо коркуу маанайы күч алганын” айтты.
Активисттерге каршы кеминде алты сот өкүмү чыгарылды. Белгилүү коомдук ишмер Ульфатхоним Мамадшоева 21 жылга эркинен ажыратылды. Адвокаттар Манучер Холикназаров 15, Фаромуз Иргашев 30 жылга кесилди.

Тажикстандагы кырдаалды көп жылдардан бери байкап келе жаткан Түштүк Калифорния университетинин адам укуктары боюнча доценти Стив Свердлоу “Азаттыкка” Лоулордун иш сапар жыйынтыгында жасаган “жалындуу басма сөз жыйыны менен Тажикстанда уланып жаткан үрөй учурган кысымга карата Батыш өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын салкын мамилеси кескин каршы келип" турганын айтты.

Лоулор Тажикстандын борборунда жүргөн кезде эле бир нече өкүм чыгарылганы, өлкө президенти Эмомали Рахмон “башкарып жаткандагы чегине жеткен жоопкерсиздикти дагы бир жолу тастыктайт" деп эсептейт Свердлоу.

Баш-аягы жок репрессиялар

9-декабрда Дүйшөмбү шаарында өткөн басма сөз жыйынында Лоулор Тажикстандын расмий адамдары өлкөнү “улам күчөп бараткан коркунуч” менен башкарууда деп билдирди.

Укук коргоочу өлкөдө репрессиялар Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун 250 миң калкынын көпчүлүгүн түзгөн этникалык памирликтерге каршы жасалган кандуу аскердик операциядан кийин күчөдү деп ырастады.

Адвокат Фаромуз Иргашев 30 жылга эркинен ажыратылды.
Адвокат Фаромуз Иргашев 30 жылга эркинен ажыратылды.

Лоулор жергиликтүү медиа кызматкерлеринин "Тажикстанда журналист болуу 1990-жылдардагы өлкөдөгү жарандык согуш мезгилинен да кыйын болуп калды" деген сөзүн мисал келтирди.

Тажикстан мурдатан эле авторитардык мамлекет болуп келген, бирок атайын баяндамачынын алдын ала тыянактарында белгилеген катаалдыктардын көпчүлүгү 2015 – 2016-жылдарга туура келет.

Бул конституциялык референдум аркылуу Рахмондун ыйгарым укуктарын бекемдеп, орточо оппозициялык күч катары иш жүргүзгөн, көп жылдар бою өкмөттө жана мыйзам чыгаруу бийлигинде иштеп келген Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы (ТИКП) деп аталган диний партияга каршы өкмөттүн кысымы күчөгөн мезгил болчу.

Ошондон кийин тез эле бул партия 2015-жылкы талаштуу шайлоодо парламенттеги ордунан айрылып, анын лидерлери терроризм боюнча айыптоонун негизинде камакка алынып, кийинки жылы өмүр бою эркинен ажыратууга чейин кесилген.

Рахмон өкмөттүн тизгинин 34 жаштагы уулу Рустам Эмомалиге өткөрүп берет деген имиш күчөгөн сайын, журналисттерди камакка алуу жана саясий оппоненттерди четке чыгарып салган окуялар тез-тез болуп, алардын үй-бүлөлөрүнө кысым көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлар да айтылып жатты.

Лоулор Тажикстандын борборунда жүргөн кезде эле бир нече өкүм чыгарылганы, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон “башкарып жаткандагы дээрлик чегине жеткен жоопкерсиздикти” дагы бир жолу тастыктайт.
Лоулор Тажикстандын борборунда жүргөн кезде эле бир нече өкүм чыгарылганы, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон “башкарып жаткандагы дээрлик чегине жеткен жоопкерсиздикти” дагы бир жолу тастыктайт.

Ушундай болуп жатканына карабастан, Тажикстандагы соңку кездеги антидемократиялык кадамдарды эл аралык деңгээлде сындагандар аз болууда.

Тажикстандын негизги өнөктөштөрү Кытай жана Орусия режимдин авторитардык саясатына эч качан каршы болушкан эмес. Бирок укук коргоочулар бул жактагы репрессияга Батыш өкмөттөрүнүн кайдыгер караганына нааразы.

“Эл аралык коомчулук Орусиянын Украинага кол салуусуна көбүрөөк көңүл буруп, Ооганстандын "Талибандын" бийликке келиши менен Кытайдын Орто Азияга болгон кысымынан кийин көздөрү ачылгыдай эле болсо да, Вашингтон, Берлин, Брюссел, Лондон жана башка жааттардын адам укуктары боюнча өсүп жаткан кризиске кайдыгер караганы уят”, - деди Свердлоу “Азаттыктын” кабарчысына.

Ушул аптада адам укуктары боюнча уюмдар, анын ичинде “Хьюман Райтс Уотч” жана Норвегиянын Хельсинки Комитети саясий башпаанек сурап кайрылуусу Германиянын бийликтери тарабынан четке кагылган 32 жаштагы саясий активист Абдулла Шамсидиндин Германиядан Тажикстанга депортация болушу мүмкүн экендигине тынчсыздануусун билдиришти.

Эгер ТИКПтин бозгунда жүргөн жогорку даражалуу мүчөсүнүн уулу Шамсиддин Тажикстанга кайтып келсе, “дароо кармалып, кыйноого алынып, түрмөгө камалат” деди Европадагы тажик оппозициялык топторунун коалициясына кирген Тажикстандын улуттук альянсынын өкүлү Махмуджон Файзрахмонов.

Анын 13-декабрда депортация болушу күтүлгөн эле.

“Процесс бир жумага токтоп калды, бирок ал дагы эле камакта. Депортация ыктымалдыгы дагы эле бар", - деди Файзрахмонов “Азаттыктын” кабарчысына.

“Болуп көрбөгөндөй чабуул”

Дүйшөмбү көптөн бери көзөмөлгө алууну көздөп келген Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда май жана июнь айларында өкмөттүн аскердик операциясынан кийин жабык сот процесстеринде ушул аймактык алты кишиге карата өкүм өткөн аптада чыгарылды.

Тажикстандын бийлиги нааразылык акциясынын катышуучулары менен полициянын ортосундагы кагылышуунун жүрүшүндө 10 адам каза болуп, 27 адам жаракат алгандыгын билдирди.

Эң катуу кагылышууларга күбө болгон Рушан районунун жашоочулары “Азаттыктын” Тажикстандагы редакциясына кагылышуу болгон жерлерден 21 адамдын сөөгү табылды деп айтышты.

Лоулорго Тоолуу Бадахшан аймагына барууга уруксат берилген жок, бирок ал өлкөнүн башка жерлериндеги туткундар менен кездешүүгө жетишти.

65 жаштагы Мамадшоева - журналист жана Памир коомчулугунун белгилүү өкүлү, анын коомдук уюму Батыш донорлору каржылаган долбоорлорду ишке ашырып келген.

Камакка алынарга бир күн калганда ал “Азаттыктын” кабарчысына Хорогдун борборунда же Рушан районунда болгон өкмөткө каршы нааразылык акцияларына эч кандай тиешеси жок экендигин айткан.

Бирок кийинчерээк, мамлекеттик телеканалда көрсөтүлгөн видеодо ал тополоңго катышкандыгын моюнуна алган. Ушул эле каналда анын мурунку күйөөсү, отставкадагы генерал-майор Холбаш Холбашовдун күнөөсүн моюнга алып сүйлөгөнү көрсөтүлдү. Сентябрь айында Холбашов өмүр бою эркинен ажыратылды.

13-декабрдагы бул өкүмдөргө байланыштуу билдирүүдө “Хьюман Райтс Уотч” атайын кызматтагылар тергөө учурунда далилдерди алуу үчүн, айрыкча Мамадшоева жана Холбашовдун иштеринде, кыйноо ыкмаларын колдонгон болушу ыктымал деп тынчсызданганын билдирди.

Бул уюм Тажикстанды “адам укуктары боюнча [өзүнүн] эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунда жарандарына жасалган жыл сайын болуп көрбөгөндөй чабуулду токтотууга” үндөдү.

Мамадшоеваны эске албаганда, өткөн жумада соттук териштирүүлөр үчүн соттолгон адамдардын бардыгы өткөн жылы аймактын бир тургуну коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алуу учурунда өлтүрүлгөндөн кийин, нааразылык акциялары башталгандан кийин түзүлгөн “Комиссия 44” атайын тобуна кошулду.

Август айында Тажикстандын Жогорку соту “Комиссия 44тү” мыйзамсыз кылмыштуу топ деп тапкан.

Адвокаттар Холикназаровдун жана Иргашевдин катаал жазага кириптер болушу Дүйшөмбү көз карандысыз адвокаттарды коркунучтуу деп эсептеринен кабар берет.

Лоулер өзүнүн сапарынын жүрүшүндө өкмөттүн чектөөлөрүнүн айынан бул кесиптегилердин иши кескин начарлап баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Юстиция министрлиги тарабынан киргизилген бул чектөөлөр 2015-жылы күчүнө кирген. Ошол кезде камакка алынган ТИКП мүчөлөрүн коргогон эки адвокат камакка алынган эле.

Бул экөө, Бузургмехр Йоров жана Нуриддин Махамов алдамчылык жана конституцияга каршы кылмыштар боюнча узак мөөнөткө кесилди. Адам укуктары боюнча уюмдардын жана мамлекетти сындагандардын оюнча, бул кылмыш иштери жасалма токулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG