Беларуста көзү өткөн адамга да кылмыш ишин козгоого уруксат берилиши мүмкүн

Беларус.

Беларустун парламентинин төмөнкү палатасы каза болгон адамдарга кылмыш ишин козгоп, аларды сот жообуна тартууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

Сотто көзү өткөн кишинин кызыкчылыгын алардын жакындары коргой алат. Эгерде алар соттук жараянга катышуудан баш тартса, каза тапкан айыпталуучуну мамлекет дайындаган адвокат коргойт.

“Зеркало” басылмасынын маалыматына караганда, эми өлгөн адамдарга каршы эскирүү мөөнөтү жок кылмыштар боюнча иш козголушу мүмкүн. Ага согушту даярдоо, согуш мыйзамдарын бузуу, терроризм, геноцид кирет.

БЕЛТА мамлекеттик жаңылыктар агенттиги билдиргендей, мыйзам долбоорун Беларустун Башкы прокуратурасы даярдаган. Мекеме 2021-жылдан бери “Экинчи дүйнөлүк согушта жана согуштан кийинки мезгилде беларус элинин геноцидинин жагдайларын” иликтеп жатат. Башкы прокуратура буга тиешеси бар адамдарды аныктап, аларды жоопко тарта турганы айтылды. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда “тыңчы” тизмесине былтыр 188 адам жана уюм киргизилгенОшто жер көчкү коркунучунан улам 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдүКүрөш (U23): Бейшекеев менен Жанышов жаштар арасында Азия чемпиону болуштуЕвропарламент Украинаны НАТОго кабыл алуу жараянын баштоого чакырды