Кемпир-Абад иши сотко жетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун билдирсе, Москва бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Өлкө чыгышында салгылаш уланууда. Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын-ала соттук угуу дайындалды. Ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан жараяндар жабык өтөт. Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын коммерциялык директору коррупцияга шек саналып кармалды.

Украина Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун билдирсе, Москва бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Өлкө чыгышында салгылаш уланууда.
Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын-ала соттук угуу дайындалды. Ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан жараяндар жабык өтөт. Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” ишканасынын коммерциялык директору коррупцияга шек саналып кармалды. Атайын кызмат “көмүр мафиясынан” бюджетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирди.