УКМК курал сатууга аракет кылган милиция кызматкери кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 5-июлда курал-жарактарды ок-дарысы менен кошо сатууга аракет кылган милициянын майору М.Р.Н. кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалган милиция кызматкери ИИМде иштей баштаган жылдан тарта алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатып келгени аныкталган.

Анын үйүн тинтүү учурунда ар кандай калибрдеги төрт мылтык, тогуз даана граната, 200 даана 9мм калибрлүү ок-дары, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 огу, снайпердин 141 даана жана 72 даана помпо огу табылган.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат анын аты-жөнүн толук жарыялаган жок. ИИМ жана кармалган кызматкердин жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.

Дагы караңыз

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын беш мүчөсү кармалганы кабарландыМаевкада мас айдоочу сүзгөн эки киши каза болду ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” соту 17-августта уланатӨКМ быйыл сууга чөгүп каза болгондор былтыркыдан көп экенин билдирди