“Согушка азгырып жатышат”. Орусиядагы мигранттар текшерүүлөргө нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда мигранттарды тыкыр текшерүү уланып, мыйзам бузгандарды Украинадагы согушка азгырган, мажбурлаган аракеттер күчөдү. “Азаттыкка” кайрылган кыргыз мигранттары Орусиянын күч органдарынын орой мамилеси, согушка азгыруунун күчөгөнү жана миграциялык текшерүүлөр жөнүндө айтып беришти.