Аба ырайы: 19-июлга чейин күн ысык болот

Ысык-Көл.

Кыргызгидромет кызматы 17-19-июлдь күндөрү ысык аба ырайы сакталарын эскертти. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Мекеме бул күндөрү күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарып турууну сунуштайт.

15-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...26, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 33…35 градус болот.

Дагы караңыз

45тен ашык бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголдуAzattyk.org сайтына коюлган бөгөт алындыДепутат Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштадыАшимбаева: "Ай Кью" мектеби былтыр 19 балага аттестатты мыйзамсыз берген