Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

45тен ашык бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголду


Бинардык опционду текшерүү учуру.
Бинардык опционду текшерүү учуру.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опцион жабылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар бинардык опцион деп катталып, бирок Интернетте виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндарын уюштуруп келгени аныкталган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютерлер, техникалар алынган. Ушул тапта Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Кыргызстанда 2012-жылы кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин бинардык опцион катары ачылган жайлар көбөйө баштаган. Бирок алардын аты башка болгону менен, ичинде кадимкидей эле кумар оюндары бар экени айтылып келаткан. Бинардык опциондун ишмердүүлүгүнө мыйзам жолтоо боло албайт.

2022-жылы кумар оюндарына Кыргызстанда кайра уруксат берилген. 2022-жылы алынган тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG