Жапонияда калктын саны азайып баратат

Жапонияда калктын саны тездик менен азайып баратат. Ал эми бул өлкөгө келип, каттоого турган чет элдиктердин саны өсүп, дээрлик үч миллион адамга жеткенин Reuters агенттиги жапон өкмөтүнүн маалыматына таянып жазды.

Адистер жапониялыктардын арасында улгайгандар көптүгүн, чет элдиктер азайып бараткан калктын ордун толтурууда барган сайын маанилүү роль ойноп жатканын белгилешүүдө.

2023-жылдын 1-январына карата жапон жарандарынын саны болжол менен 800 миң адамга кыскарып, 122,42 миллионду түздү.

Reuters агенттиги тактагандай, Жапониянын калкынын азайышына 2008-жылдан берки төрөттүн төмөн көрсөткүчү себеп болууда.

Дагы караңыз

Молдова Орусиянын элчилигиндеги 45 кызматкерди өлкөдөн чыгаратАфриканын бир катар лидерлери Орусиядагы саммитке келбейтНигерде аскердик төңкөрүш аракети болду