Орусиялык күчтөр Харьковго абадан сокку урду

Харкьовдун аймагында атып түшүрүлгөн орусиялык тик учак. Архивдик сүрөт.

Шейшембиге караган түнү орусиялык күчтөр Харьков шаарына жана облусуна абадан сокку урду.

Бул тууралуу РБК-Украина басылмасы калаа мэри Игорь Тереховдун Телеграм-каналына таянып жазды. Шаар башчысынын айтымында, жардыруунун добушу Шевченко районунда дагы угулган.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов бул маалыматты ырастады. "Суспільнi" телеканалынын журналисттери Харьковдогу жарылуудан кийин жарык өчүп, айрым райондордо таза суу берүү үзгүлтүккө учураганын жазышты.

Соңку апталарда орус күчтөрү Харьков шаарына жана облусуна чабуулун күчөтүп, дрондорду жана түрдүү ракеталарды колдонууда. 31-июлда бул калаага орусиялык С-300 ракетасы менен урулган соккудан кеминде бир адам жараат алды.

Харьковдогу Новобаварск районунда снаряд курулуш кампасына тийип, 200 чарчы метрдей жер күйүп кеткен.

Дагы караңыз

Ошто 70тей кишини алдаган жарандар кармалдыЭнергетикадагы карызды Финансы министрлиги төлөйтКеминдеги майнинг компания электрди Казакстандан алууну сунуштоодоТез жардам борборунун кызматкерлери маянасы азайып кеткенине даттанышты