Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Тез жардам борборунун кызматкерлери маянасы азайып кеткенине даттанышты


Тез жардам борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдында. 1-август, 2023-жыл. 24.kg басылмасынын сүрөтү.
Тез жардам борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдында. 1-август, 2023-жыл. 24.kg басылмасынын сүрөтү.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Тез жардам борборунун кызматкерлери нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы азайып кеткенине даттанышты. Он чакты кызматкер министрликтин өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнөн соң кайра тарап кетишти.

24.kg басылмасы жазгандай, митингге чыккандар эки-үч жыл алдын Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп турган маалда айлыктары көбөйгөнүн, азыр кайра эсептөөлөрдүн натыйжасында акчасы азайып кеткенин билдиришкен. Алия Алдеева аттуу фельдшер "үч жыл мурда 25 миң сом алганын, июлдун жыйынтыгында 11 миң сом маяна колуна тийгенин" аталган басылмага айтып берген. Эльдар Абдылдаев аттуу дарыгер аларга маяна төлөө системасы түшүнүксүз болуп жатканын кеп кылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы буга байланыштуу кийинчерээк түшүндүрмө берилерин кабарлады.

Медициналык көз карандысыз кесиптик кошуундун жетекчиси Бермет Барыктабасова Тез жардам борборунун кызматкерлеринин нааразылыгы тууралуу Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, алар да бул боюнча маселе көтөрүп жүргөнүн жазды. Ал ошондой эле орто медициналык кызматкерлердин жүгү менен маяналары боюнча жумушчу топ иштеп жатканын тактап, акцияга чыккандарды чагымдан оолак болууга чакырган.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагынын кызматкерлеринин орточо айлыгы 2023-жылдын май айынын жыйынтыгында 21 302 сомду түздү. Тиешелүү айга салыштырганда, бул сумма 2020-жылы 10 614 сом, 2021-жылы 11 341 сом, 2022-жылы 20 789 сом болчу. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG