Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Төө-Ашуу тоннелине киргизилген чектөө 6-августка чейин алынат


Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктаганын бүгүн, 1-августта кабарлады. Маалыматка караганда, жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат.

"1-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт төшөлөт. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Буга чейин тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Аталган мекеме бул багытта иштер жакын арада башталарын билдирди.


Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы узундугу үч чакырымдык тоннелди оңдоп-түздөө иштери эки ай мурда башталган. Буга байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин машиналардын каттамына убактылуу чектөө киргизилген. Министрлик жол күнүгө үч маал - таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болорун эскерткен.

Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. Акыркы жолу 2000-жылы оңдоп-түзөдөн өткөрүлгөн. Бул жолу тоннелдин жолуна асфальт төшөлдү, электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG