Орусия чет элдиктерди армияда келишим менен кызмат өтөөгө тарта баштады

Reuters агенттиги Казакстандын интернет сегментинде "чет элдик агайындарга" деген жарнама пайда болгонун билдирди. Анда Казакстан менен Орусиянын желектеринин сүрөтү түшүрүлүп, "Ийиндеш бол" деген ураан жазылган жарнаманы көрүүгө болот.

Жарнаманын текстинде орусиялык армия менен келишим түзгүсү келгендерге бир жолу 495 миң рубль акы төлөнөрү, андан ары 190 миң айлык жана согуштук аракеттерге катышкандарга "кошумча төлөмдөр" болору жазылган.

Агенттик бул cандар Москва жана Подмосковьеден келишим менен чакырылгандардыкына окшош экенин белгилеген. Жарнаманы басканда кызматчыларды тандоого адистешкен Сахалин облусундагы адамдык капиталды өнүктүрүү агенттигинин мамлекеттик сайты кошо ачылганын көрүүгө болот.

Ушундай эле жарнама Армениянын интернет сегментинде пайда болгонун колдонуучулар кабарлашкан.

Январь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу үч жыл ичинде орусиялык аскерлердин санын 1,5 миллионго жеткирүү тапшырмасы коюлганын жарыялаган. Коргоо министрлиги 1-апрелден тарта келишимдик негизде жаңы аскерлерди кабыл алууну баштаган. Мекеме билдиргендей, келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр жалпы аскерлердин 400 миңин түзүшү керек.

Дагы караңыз

Аба ырайы: күн ачык болотСанарип кодекси коомдук талкууга коюлдуКыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд сом пайда таптыБишкек шаардык соту "Вефа" соода борбору боюнча чечим чыгарды