Орусия авиациялык “Мотор Сич” заводун ракета менен аткылады

"Мотор Сич" дүйнөдөгү алдыңкы авиациялык заводдордун бири.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-августтагы кечки кайрылуусунда Орусиянын армиясы өлкө аймагын, анын ичинде авиациялык “Мотор Сич” заводун ракета менен аткылаганын билдирди.

Анда “Кинжал”, “Калибр” үлгүсүндөгү ракеталар колдонулганын, алардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн айтты.

Мунун алдында Запорожье облусунун администрациясы жарылуулар болгонун кабарлаган. Соккунун кесепети тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

“Мотор Сич” - аталган облуста жайгашкан жана авиациялык, өндүрүштүк газотурбиналык кыймылдаткычтарды, тик учактарды чыгарган дүйнөдөгү негизги заводдордун бири.

Анда жасалган “Ми” үлгүсүндөгү тик учактардын кыймылдаткычтарын буга чейин Орусия дагы сатып алып келген. Бул заводдо ошондой эле “Ил” жана “Ан” үлгүсүндөгү учактардын кыймылдаткычы жасалчу.

Былтыр октябрда "Мотор Сичтин" ошол кездеги директору Вячеслав Богуслаев "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып кармалган.

Украинанын атайын кызматы анда ал өлкө үчүн агрессор мамлекет – Орусияга маалыматтарды сатып, иштеген деген кине койгон. 84 жаштагы Богуслаев аны айырбашталуучу туткундар тизмесине киргизүүнү өтүнгөнү айтылган. Киев аны "миңдеген украиналыктарга" алмаштырууга макул болорун айткан.

Дагы караңыз

“Кумтөр” киреше азайганы тууралуу маалыматты четке кактыКазакстан: прокуратура Z жана V белгилерине тыюу салууну сунуштады Жиддада Украинага тынчтык орнотуу жөнүндө сүйлөшүү башталды Грузияда жер көчкүдө мерт болгондордун саны 16га жетти Харьков: кан борборуна бомба тийип, мерт болгондор бар экени кабарландыИИМ көчөдө тапанча менен опузалаган адамга карата иликтөө баштады