Болгарияда толкундоолордон кийин үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамы өзгөртүлдү

Зордук-зомбулукка каршы көчөлөргө чыккан миңдеген болгариялыктар. 31-июль, 2023-жыл. София.

Болгариянын Улуттук кеңеши үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Буга 18 жаштагы кыздын зордук-зомбулукка кабылышы жана андан кийинки элдик толкундоолор түрткү болду.

Кезексиз жыйынга чогулган депутаттардын 144ү мыйзамды колдоп, 58и каршы чыкты. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр никеде жана расмий мамиледе болбогон адамдан зордук-зомбулук көргөн аялды коргоого багытталган.

26-июнда Стара-Загора шаарында 18 жаштагы кызды сүйлөшкөн жигити уруп-сабап, чачын кырып, бети-башын тилип салган. Эки күндөн кийин кыздын жакындары "кылмышкерге карата тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканына" нааразылык билдирип чыгышкан. Бул окуяга нааразылыгын билдирген миңдеген адамдар көчөгө чыгып, бийликтен мыйзамдарды карап чыгууну, аялдарды коргоо чараларын жакшыртууну талап кылышкан.

26 жаштагы шектүү кол салуудан көп өтпөй камалып, бирок жергиликтүү сот аялга келтирилген жараттарды "жеңил" деген жүйөнү келтирип, бошотуп жиберген.

Элдин нааразылыгынан кийин кылмышка шектүү адам 31-июлда кайра камалды.

Болгария полициясынын статистикасына караганда, быйылкы жылдын алгачкы үч айында жакын өнөктөштөрүнүн колунан 18 аял каза тапкан. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтышат.

Дагы караңыз

ИИМ: Алты айда маңзатка байланышкан 753 кылмыш аныкталдыСауд Арабиясы кыргызстандыктарга конок визасын бере баштайтТүркмөнстандагы жалгыз социалдык түйүн иштебей калды