Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

ИИМ: Алты айда маңзатка байланышкан 753 кылмыш аныкталды


Жыл башынан бери баңгизатка байланышкан 753 кылмыш аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматта 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылат. Баңгичиликтин алдын алуу үчүн 180ден ашык иш-чара өткөрүлгөн.

ИИМ 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети акыркы убактарда маңзаттарды мыйзамсыз таратууга студенттер, мектеп окуучулары, жашы жете элек өспүрүмдөр тартылып жатканын белгилейт.

Бишкектеги Республикалык наркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам расмий каттоодо турат. "Азаттык" буга чейин интернет аркылуу маңзат бизнеси кантип жайылып жатканын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG