Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү айлампасы башталды


Кыргызстандагы жогору окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жогору окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 7-августта кабарлады.

Кабыл алуу 9-август, саат 14:00гө чейин созулат.

Кабыл алуунун биринчи туру 17-июлдан 19-июлга чейин, экинчи туру 24-июлдан 26-июлга чейин жана үчүнчү туру 31-июлдан 2-августка чейин уланды. Үч айлампада 20 миң 278 абитуриент университет, институт, коллеж жана башка окуу жайларга кабыл алынды.

Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат.

Быйыл Кыргызстандагы мектептердин аяктаган 60 миң окуучудан 50 миңи ЖРТга катышып, 30 миң улан-кыз босого баллдан өттү. ЖРТга катышкандардын ичинен 54 окуучу “Алтын сертификат” алган.

Эң көп упайды (236) Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG