Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Улуттук банк чет элдик банктардын Кыргызстандагы эсебине байланыштуу өзгөртүүлөрдү сунуштады


Кыргызстандын Улуттук банкы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Улуттук банкы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк өзүнүн тиешелүү токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, Кыргызстандагы коммерциялык банктарга чет элдик банктардын корреспонденттик эсеби аркылуу алып-сатуу жүргүзүүсүнө уруксат берүүнү сунуштады. Документтин долбоору koomtalkuu.gov.kg сайтына жарыяланды.

Башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылгандай, өткөн жылдары буга байланыштуу терс мисалдар, анын ичинде айрым банктардын ишинде мыйзам бузуулар аныкталган. Ошол себептүү резидент эмес банктардын жергиликтүү банктарда эсеп ачышына тыюу салынган болчу.

Былтыр мартта валюталык тартыштыкка байланыштуу Кыргызстандын банктарына башка өлкөнүн банктарынын эсебин ачууга, тейлөөгө уруксат берилген. Бирок анда жөн гана акча сакталып турушу керек болчу жана жергиликтүү банктар чет элдик корреспонденттик эсептер менен алып-сатуу жүргүзө алчу эмес.

Улуттук банк сунушталып жаткан жаңы чара убактылуу мүнөзгө ээ экени, банктар чет элдик өнөктөштөрүнүн эсептерин аркылуу алты ай гана алып-сатуу жүргүзө ала турганын билдирет. Пилоттук долбоор өзүн актаса, жараян андан ары улантылат.

2022-жылдын февралында орус аскерлери Украинага басып кирген соң, Батыш өлкөлөрү Орусияга АКШ долларын жана евро банкнотторун ташып кирүүгө тыюу салган. Мындан улам Орусияда чет элдик валюта тартыш болуп, бул жагдай аны менен тыгыз экономикалык катышта болгон Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасир эткен. Анын ичинде Кыргызстанда доллар менен евро тартыш болуп, кыргыз сому рубль менен бирдей күчүн жоготкон. Натыйжада Улуттук банк бир катар чектөө чараларын кабыл алган эле, азыр алардын айрымдарын жумшартты.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, учурда жергиликтүү банктарда чет элдик жеке адамдар жана юридикалык жактар банктык эсеп ача алат. Айрым басылмалар былтыр Кыргызстанда эсеп ачып, эл аралык төлөм карталарына ээ болуп жаткан чет элдиктер арбыганын жазып чыгышкан.

Кыргызстанда ушу тапта 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 318 филиалы бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG