Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:11

Кой-Таш окуясына төрт жыл: создуккан сот иштери


Мындан туура төрт жыл мурда Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы тоз-тополоң менен коштолгон.
Мындан туура төрт жыл мурда Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы тоз-тополоң менен коштолгон.

Мындан төрт жыл мурда бир адамдын өлүмү менен аяктаган, ондогон адам жабыркаган Кой-Таш окуясына байланыштуу сот жараяны белгисиз мөөнөткө жылды.

Биринчи май райондук соту буга айыпталуучулардын бири ооруп калганы себеп болгонун билдирди.

Кылмыш ишинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катышкан күч органдарынын кызматкерлери жабырлануучу деп табылган жана алар көрсөтмө берип бүтө элек. Айыпталуучулар ошол тергөө бир тараптуу жүргөнүн сындап, күч органдарынын мурдагы жетекчилерин суракка алууну талап кылып келет.

Өткөн айда Кой-Таш маселеси Европа парламентинде дагы көтөрүлгөндө, ага кыргыз бийлиги реакция кылган эмес.

Кой-Таш айылындагы 2019-жылы 7-8-август күндөрү болгон окуялардан улам козголгон кылмыш ишин Бишкектеги Биринчи май райондук соту карап жатат. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана экс-президенттин бир нече тарапташы баштаган жалпы 14 адамга айып коюлган. Башында жумасына үч ирет өтчү сот отуруму акыркы убактарда ар дүйшөмбү күндөрү гана өтүп калган.

Аталган соттун басма сөз катчысы Темир Ильясовдун "Азаттыкка" билдиришинче, айыпталуучулардын бири ооруп калганынан улам сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылды. Анын ырасташынча, күбөлөрдүн баары сотко алып келинбегендиктен жана адвокаттардын айынан сот жараяны создугуп жатат.

"2022-жылы 8-августта сотто далилдерди изилдөө тартиби аныктаган. Ага ылайык, биринчи жабырлануучулар, андан кийин күбөлөр суралат. Айыпталуучулар суралгандан кийин кылмыш ишиндеги материалдарды иликтөө башталат. Анан тараптар жарыш сөзгө чыгат. Кой-Таш окуясында 157 адам жабырлануучу, 124 киши күбө деп таанылган. Ушул күнгө карата Кой-Таштагы окуялар тартылган видео материалдардын баары көрсөтүлүп бүттү. Жалпысынан 86 жабырлануучу суралды. Алардын 65и - милиция кызматкери, калган 18и - "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкери. Андан сырткары жабырлануучу тараптын үч өкүлү менен төрт күбөсү көрсөтмө берди. Сот Ички иштер министрлигине жабырлануучуларды сотко алып келүү тууралуу өз маалында кабарлап жатат, бирок сот процесстерине бир-экиден гана жабырлануучу келип, кээде такыр эле келбей калып жатат. Ошондой эле сот жараянанын создуккан дагы бир себеби бул адвокаттардын жоопкерчиликсиздиги, суракка ала турган адамды өз маалында алып келинбеши болуп жатат. Айыпталуучулардын бири ооруп калганына байланыштуу сот жараяны белгисиз мөөнөткө жылды", - деди Ильясов.

Жабырлануучулар жана алардын көрсөтмөсү

Тергөө материалдарына ылайык, Атамбаевди кармоо операциясына катышкан күч органдарынын кызматкерлери жабырлануучу деп табылган. Учурда алар көрсөтмө берип бүтө элек. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев - Кой-Таш окуясындагы айыпталуучулардын бири. Анын пикиринде, сот жараяны негизсиз созулуп жатат.

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

"Сотто жабырлануучулар түшүнүксүз эле нерселерди айтып жатат. "Барганбыз, турганбыз, анан эл келип бизди сабап кетти" дегендей көрсөтмөлөрдү берип жатат. Биз болсо аларга айтып, суроо берип жатабыз. "Силер барганда элдин баарын уруп-сабап, тепкилеп, аткылап ошол жерде эки сааттай болдуңар. Атамбаевдин үйүн курчоого алып, үйүн талкаладыңар да" деп айтып жатабыз. Кимиңер кайда тургансыңар, эмне иш кылгансыңар десек, жооп бербей жатат. Алар эки сааттан ашык курчоого алып турганда Кой-Таштын өйдөңкү бөлүгүнөн эл келип, аларды сүрүп чыгарган. Ошол жерде алты бала барымтага алынды деп маалымат беришпеди беле. Алардын арасынан эки-үчөө биз коркуп эле чыкпай койдук деп айтып беришти. Мурунку бийлик бизге каршы "туткундарды барымтага алган" деген берене менен дагы иш козгоп койгон. Биз дагы ошол жерде бир топ адам жараат алган, желим ок жеген, ошолорду дагы күбө катары чакыралы деп өтүнүч берип жатабыз. Тилекке каршы, азыр аны кабыл албай атат, ошол убак келсе көрөбүз деп айтып жатышат. Биз сотто ушунча ондогон күч кызматкерин сурабай эле, аларды жетектеген министр Кашкар Жунушалиевди, атайын кызматтын төрагасы Орозбек Опумбаевди, Алмамбет Салиевди, бир тууган Жээнбековдорду угуп, биз өз жүйөлөрүбүздү келтирип, сотту бүтүрүп койсок болот" деп жатабыз. Азыр эми бул сот бешинчи жылга кеткени жатат. Азыр элдин баары эле Жунушалиев менен Опумбаев ушул жакта жүргөнүн айтып жатат. Асылбек Жээнбеков, Алмамбет Салиевдер бул жакта, Сооронбай Жээнбеков тойдо жүргөн сүрөттөрү чыгып жатат. Ошолорду дагы сурап, сотту бүтүрүп койсо болчудай болуп эле турат. Бирок биздин жүйөбүздү уккан киши болбой жатат. Бизде жеке адвокат жалдаганга каражатыбыз жок болгондуктан бизге мамлекеттик жактоочуларды беришкен. Ошондо беш адамга бир адвокат берилген. Биз аларга тыйын төлөбөгөндөн кийин алар менен сүйлөшө албайбыз. Азыр өзүбүз сүйлөп, өзүбүздү өзүбүз эле жактап жатабыз", - деди Мискенбаев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) ошол кездеги жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жоопко тартуу талабы айтылып келе жатканы менен, аларга кылмыш иши козголгон эмес. Бул сот процессиндеги адвокаттардын бири Разак Ашимбаевдын ырасташынча, судья аларды суракка алуу өтүнүчүн карай элек.

"Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаевдин келип көрсөтмө берсин деп өтүнүч келтиргенбиз. Ал карала элек. Сот качан бүтөрү, айыптоо корутундусун качан алып келери белгисиз. Жабырлануучу болгон милиция кызматкерлеринин көбү иштен кетип калган, пенсияга чыккан, ошондуктан бул жакта дагы кыйынчылыктар болуп жатат. Аларды айыптоочу тарап алып келиши керек эле".


Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясы 7-8-август күндөрү болуп, тоз-топлоң менен коштолгон. Кагылышта атайын кызматтын офицери Үсөнбек Ниязбеков мерт болуп, Чүй облустук милициясынын ошол кездеги жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жараат алган. Андан сырткары 175 адам ар түрдүү жараат алышкан.

Бул окуялардын кийин, 8-августта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасаган. Анда бул окуяларга Атамбаев экөөнүн тиреши себеп болгонун четке каккан.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

"Айрым күчтөр бул окуяны Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тирешүүсү деп жатышат. Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул — коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш. Бул — мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши! Тилекке каршы, өлкөбүздүн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болду. Баары тең мыйзамга баш ийип, тергөөгө келип, сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп, тергөөгө баргандан баш тартты. Элди, жарандарды курмандыкка алып баруудан да кайткан жок", - деп сүйлөгөн Жээнбеков.

Бул окуяны иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөн жана корутундусу 2019-жылдын аягында жарыяланган. Ал корутундунун негизинде Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтыкбек Шайназаров бул окуяларга байланыштуу Атамбаев менен анын тарапташтарын күнөөлөгөн.

"Иликтөө жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митиг уюштуруп, башаламандык уюштургусу келген. Бирок укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, кырдаалдын курчушуна жол берген жок", - деген Шайназаров.

Комиссиянын корутундусуна күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилиги камтылбай калганы сын жараткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков аталган мамлекеттик комиссияга мүчө болгон. Анын пикиринде, корутундуда бардык жагдайлар камтылган.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Мыйзам чегинде тергөөгө келгиле, көрсөтмө бергиле дегенге карабай, тергөөгө келбей, мыйзамга баш ийбей, ошол жерге анча-мынча адамдарды топтоп, таш чогултуп, ушундай саясат жүргүзгөнүн адилеттүүлүк үчүн айтышыбыз керек. Экинчи жагынан, күч органдарынан дагы каталар кеткен. Алар өздөрүнүн мыйзамда белгиленген милдеттерин так аткарган эмес, жүрүм-турум эрежелерин сактаган эмес. Комиссиянын корутундусунда мунун баары так жазылган. Анын баарын мен жаздыргам. Эми соттун чечимин күтүшүбүз керек. Сот адилеттүү жүрүшү үчүн бейтараптуулук керек, ошондо гана чындык чыгат. Мага азыр башка нукка кетип жаткандай сезилип жатат. Ошон үчүн соттун чечимин күтөлү".

Алмазбек Атамбаевдин жагдайы

Абакта отурган Алмазбек Атамбаев ушул жылдын февраль айында бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан чыгып, дарылануу үчүн Испанияга кеткен. Ал ошондон бери Кыргызстанга келе элек. Ошол кезде Биринчи май райондук соту Атамбаевдин үй камагына чыгышы тууралуу маалымат тараткан.

"Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде Атамбаевдин Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Бул иш боюнча күбөлөрдү жана жабырлануучуларды суроо уланып жатат. Сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүүгө эрте. Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес, анткени ал Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча иш жаңыдан кароого жиберилди", - деп жазылган ошол билдирүүдө.

Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Атамбаевсиз өтүп жаткан. Буга анын сот жараяндарында катышпай, чыр чыгарганы себеп болгон.

Атамбаев абактан чыккандан кийин Кой-Таштагы үйүндө маалымат жыйын өткөрүп, өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айткан.

"Мен өзүмдү эч качан күнөөлүмүн деп мойнума албайм. Мен түрмөдө деле өлгөнгө ар дайым даярмын. Мени баары бир акташат. Тарых, фактылар актайт. Каалаган нерсенин баарын ойдон чыгарып койсо болот. Мени 7-8-август күндөрү карапайым эл коргоду. Ал жерде 1700дөй адам болгон. Ошол жерде көбү жарадар болгон, айрымдары оор жараат алган. Мени периштелер эле сактап калган, анткени үйүмө курал менен кирип келишкен", - деген Атамбаев.

Деген менен бул окуялардан сабагы тууралуу талаш-талкуулар болгон. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошованын пикиринде, Кой-Таш окуялары ириде шайлоого кийлигишүүнүн кесепети кандай болорун көрсөттү.

Жылдызкан Жолдошова.
Жылдызкан Жолдошова.

"Кой-Таш окуялары эгемен өлкөнүн тарыхындагы кара тактардын бири болуп калды. Мен ошол маалда Атамбаев менен Жээнбековго кайрылып, экөөңөрдүн тирешиңер жакшы бүтпөйт деп айтып келгем. Саясатта досчулук жок окшойт, мен ушуну түшүндүм. Бийликти, башкача айтканда, президентти эл акыл калчап, өзү тандаса, ошол тандоого мүмкүнчүлүк, эркиндик берилсе, атаандаштыкка толук шарт түзүлсө жакшы болмок. Тилекке каршы, кыргыз эли мамлекет башчысын бардык мүмкүнчүлүктөр менен, кыйчалышпаган шартта тандай элек. Сооронбай Жээнбековду Алмазбек Атамбаев мураскери катары таштап, өзү баш болуп ага үгүт жүргүзүп алып келген. Ар бир президенттин басып өткөн жолу сабак болушу керек эле. Тилекке каршы, сабак болбой жатат. Президент кызматына капысынан эле келип калбай, элдин элегинен өтүп барса, ушундай окуялар болбойт эле".

Ал арада Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Атамбаевдин Испанияда жүргөн сүрөтүн жарыялады. Анда экс-президент бул өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес, жубайы Лариса жана уулу Кадыр болуп түшкөн.


Курсан Асанов жана мала-кызыл баштык

Кой-Таш окуяларына байланыштуу ошол кезде ички иштер министринин орун басары болуп турган Курсан Асановго дагы кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура аны "кызмат абалынан кыянат пайдаланган", "Кой-Таштагы иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган" деп айыптаган.

Анын алдында Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден чыкты" деген негизде 13-августта кызматтан алынган.


Ошол кезде Асановду "саткын", "чыккынчы" катары көрсөткөн, атайын даярдалган видеолор тараган. Анда ал Атамбаевдин үйүнөн чыккан мала-кызыл баштыкты алып алганы тартылып, анын ичинде баалуу буюмдар, акча болгон деген өңдүү кептер желдей тараган. Бул кылмыш иштин алкагында Асановдун уулу Мухаммедалыга жана жана жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулуна дагы айып коюлган.

Асанов сот отурумдарында "буйрукту укпай Атамбаевдин үйүнө кирип кеткен" деген айыпка макул эместигин билдирген жана экс-президентти үйүнөн тирүү алып чыгууга салымы бар экенин айткан.

Асановго жалпысынан үч кылмыш иши козголгон жана июнь айында Биринчи май райондук соту аны жана уулун, жардамчысын Кой-Таш окуясына байланыштуу актаган.

Азыр Кой-Таш окуяларына байланыштуу айып коюлган саясатчы Равшан Жээнбеков гана камакта отурат. Ал былтыр октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган.

Өткөн айда Кой-Таш маселеси Европа парламентинде көтөрүлгөн. Анда европалык социалисттер партиясынын төрагасынын орун басары Катарина Рот Неведялова Брюсселде "төрт жылдан бери адамдар иштеген жумушунан алагды болуп, сотко бара берүүдөн тажашты" деген.

Ал ошондой эле Кырызстандын укук тартибин коргоо органдары күч кызматкерлеринин 2019-жыл, 7-8-августтагы аракетине арызданган 1700 жай тургундун суроолоруна алигүнчө жооп бербей, териштирүү баштай электигин белгилеген.

Буга байланыштуу расмий Бишкек жооп берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG