Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

Атамбаевдин актанганы, бийлик жоопкерчилиги, мыйзам үстөмдүгү


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жакындары менен, 14-февраль, 2023-жыл (Видеодон алынган сүрөт)
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жакындары менен, 14-февраль, 2023-жыл (Видеодон алынган сүрөт)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет жакка учуп кетти. Анын абактан чыгышына президент Садыр Жапаров комментарий берип, чечимди сот кабыл алганын жана ага баш ийүү керек экенин айтты.

Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу саясий чөйрөдө талкууларды жандантып, ага ачылган мурдагы кылмыш иштеринин тагдыры, президент болуп тургандагы ката-кемчиликтери тууралуу сөздү козгоду.

“Соттун чечимине баш ийишибиз керек

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Түркиядагы жер титирөө, Кыргызстанда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу комментарий берди. 15-февралда жарыяланган чакан маекте Садыр Жапаров мурдагы президент соттун чечими менен чыкканын жана аны кабыл алуу керектигин айткан.

“Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр да Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз”, - деп айтылат сайтка чыккан маекте.

15-февралда Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти. Жогорку сот 13-февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Соттун бул токтомунан кийин 14-февралда мурдагы президент Бишкектин четиндеги Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошотулган. Ал түрмөнүн алдында, кийин Кой-Таштагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берди. “Абактан чыгышыңыз бийлик менен алдын-ала макулдашылганбы?” деген суроо бир нече жолу берилгени менен Алмазбек Атамбаев так кесе жооп берген жок.

“Испаниянын премьер-министри жана Социнтерндин башчысы урматтуу Педро Санчес абдан киришти. Албетте, биздин президент (ред: Садыр Жапаров) болбогондо, Камчыбек Ташиев болбогондо... Алар жагынан да туура мамиле болду. Ачык айтканда абактан чыгарыма ишенбей тургам. Үйдөгүлөргө келбегиле деп айткам. Анткени 2020-жылы ушундай болгон да. Жогорку Соттун чечимин жокко чыгарып туруп мени чыгарбай койгон. Бул жолу да ушундай болот го деп ойлогом”.

Алмазбек Атамбаев саясатка аралашпай турганын, биринчи ден соолугун карап, дарыланып бүткөндөн кийин Кыргызстанга сөзсүз кайтып келерин билдирди. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген.

Атамбаевдин бийлиги тушундагы саясий иштер

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган Алмазбек Атамбаев талаштуу саясий фигуралардын бири.

“Саясий туткундарды коргоо” комитетинин эсебинде Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда Кыргызстанда отуздан ашуун саясатчылар соттолуп чыккан. Алардын арасында азыркы президент Садыр Жапаров, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Дастан Сарыгулов, Толубай Колубаев, Максат Кунакуновдор бар. Сөз болуп жаткандарга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Алардын көбү кийин толук акталып, айрымдарынын жаза мөөнөтү азайтылып абактан чыкты.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстандын мурдагы президенттеринин бийлиги тушундагы жоопкерчилик маселесин көтөрдү.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

“Кыргызстандын эгемендик тарыхында бир да президент – өлкөдөн качып кеткени да, камалганы да өзүнүн жоопкерчилигин түшүнгөн жок. Карасак, алардын баары тең эле – Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Садыр Жапаров да революциядан кийин бийликке келди. Бирок алар революция эмне үчүн болду, ал кайталанбаш үчүн эмне кылыш керек деген тыянак чыгарган жок. Алмазбек Атамбаев бийликти узурпациялоо аракетинин кесепетин көрдү. Бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактабай, мамлекеттик институттарды жокко чыгарганынын зыянын тартты. Шайлоону кандай өткөргөнүн баарыбыз билебиз. Эми азыр айткан сөздөрүнө караганда дагы деле жыйынтык чыгарбаптыр. Садыр Жапаровдун тарапташтары болсо “президент айкөлдүк кылды” деп атышат. Бул жерде “Алмазбек Атамбаевдин ишине президент кийлигиштиби?” деген суроо ачык бойдон калды. Өлкөдө азыркыдай абалды түптөп кетүүгө Атамбаевдин режими себепчи болгон”.

Шайлоо демекчи Алмазбек Атамбаев 2017-жылдагы президенттик шайлоодо, мыйзамдарда тыюу салынганына карабай, саясаттагы үзөңгүлөшү Сооронбай Жээнбековду сүрөгөн. Андагы шайлоодо саясатчы Өмүрбек Бабанов Жээнбековго чоң атаандаштык түзүп, шайлоо кампаниясы кызуу жүргөн.

Атамбаев Бабановду сындап, ал эми досуна ишенерин айтып, шайлоо компаниясында ачык эле колдоп турган. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосунда тиреш күчөп, 2019-жылы ал ачык мүнөздө уланган. Бул 2019-жылы августта Алмазбек Атамбаевди күчтөп кармоо менен аяктаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасына Атамбаевдин абактан бошотулушу тууралуу пикирин жазды. Ал Сооронбай Жээнбековду президент кылып аны көмүскөдө башкаруу боюнча Атамбаевдин ою ишке ашпай калганын, эки саясатчынын тирешинен Кой-Таш окуясында адам өмүрү кыйылганын билдирди.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

“Атамбаевге каршы ошол кезде тергөө органдары козгогон кылмыш иштеринин негиздүүлүгүнө комментарий бергим келбейт. Атамбаевдин эң чоң кылмышы - мыйзамга, мамлекетке баш ийбей койгону болду. Ал тергөөгө келүүгө милдеттүү болгон. Бирок Атамбаев өзүн элден, мамлекеттен, мыйзамдан жогору койду. Мындай каршылыктын айынан курал колдонулуп курмандыктар болду. Атайын бөлүктүн кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болду. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Самат Курманкулов майып болуп калды. Муну унутпайлы...”.

Алмазбек Атамбаевди “Батукаев иши” боюнча кармоо операциясы 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таштагы резиденциясында өткөрүлгөн. Атайын операция маалында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

“Эдил Байсалов Атамбаев кетирген каталарды кайталабаш үчүн жыйынтык чыгаруу керектигин жазды. Бул азыркы бийлик башка жол менен кетет деген үмүттү пайда кылды. Эми “Азаттык” радиосу, “Клооп” порталына байланыштуу маселелер кандай болот көрөбүз”, - деди экс-премьер-министр Феликс Кулов.

2017-жылы Атамбаев бийликте турганда баш прокурор Индира Жолдубаева “президенттин аброюна шек келтирди” деп миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берген. Кийин Атамбаев бул арыздарын кайра чакыртып алган.

Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко бергенине өкүнөрүн, Кыргызстанда соттор күчтүү тараптын кызыкчылыгына чечим чыгарып берерин түшүнгөнүн айтты. Бийлик эркин медианы жана жарандык коомду колдошу керектигин билдирди.

Атамбаевге козголгон иштердин чоо-жайы

Эми Атамбаевдин кылмыш иштерине келсек. Анын адвокаты Замир Жоошев мурдагы президентке козголгон иштер тууралуу маалымат берди.

“Буга чейин Калыс-Ордо конушуна салынган мектеп, 10 түрк жаранына берилген паспорт жана Октябрь окуялары боюнча актоо өкүмдөрү чыккан. Азыр эми үч иш калды. Алар Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу, Июнь окуясы жана Кой-Таш окуясы боюнча иштер. Кой-Таш боюнча кылмыш ишине Бишкек ЖЭБи, Кой-Таш айылындагы жер боюнча иш бириктирилген”.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган.

Ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантууда. Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев баштаган, мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана мурунку президенттин бир нече тарапташы айыпталууда.

Азыркы бийликтин тушунда 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG