Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

"Кой-Таш окуясына" үч жыл: сот иши создукту


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Адам өлүмү менен аяктаган жана ондогон адам жабыркаган Кой-Таш окуясына үч жыл толду. Тоз-тополоңго байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Бишкектеги Биринчи май райондук соту карап жатат.

2019-жылы 7-8-август күндөрү кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталган Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башаламандык менен коштолгон эле.

Кой-Таш окуясына байланыштуу сот отуруму 8-августта кайра жанданды. Ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту айрым адвокаттардын келбей жатканына байланыштуу сот отурумдарынын убактысы так болбой жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта оор кылмыштарга айыпталып жаткан кишилердин жактоочулары сөзсүз түрдө отурумга катышуусу керек экени айтылат.

Жараянда тартип бузгандыгы үчүн айрым катышуучулар сот залынан чыгарылган. Жабырлануучу жок деген негизде сот 10-августка жылды.

Биринчи май райондук соту 30-майда бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбын угузуп бүткөн жана ошондон бери жараян белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле. Анда кылмышка шектүүлөрдү ар бирине сегизден 15ке чейин айып коюлган. Бирөө дагы күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Атамбаев негиздеген "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө бийлигине кайрылып, абактагы мурдагы президентти үй камагына чыгарууну суранды. Президент Садыр Жапаров жана күч органдарынын жетекчилерине жолдонгон кайрылууда ал Атамбаев абакта кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып турганын эске салган.

Айыпталгандардын бири мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев иш кайра тергөөгө жиберилиши керек деп эсептейт.

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

"Бизге коюлган айыптардын бири дагы такталган жок. Анткени Сооронбай Жээнбековдун бийлиги бир тараптуу эле тергеп салган. Чын-чынына келгенде биз, соттолуучулардын баары жабырлануучуларбыз. Спецназ киргенде баарыбызды сабап, уруп, колу-бутубузду сындырган. Айлантып келип эле биз айыпталуучу болуп калдык. "Силер спецназдарды ургансыңар, сабагансыңар, бийликти басып алууга аракет кылгансыңар" деп адам өлтүрүүдөн баштаган жети-сегиз берене менен айып коюп салышкан. Мына, үч жыл болду, соттон бир жыйынтык жок. Баары келип эле ошол убактагы президент Жээнбековго, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, атайын кызматты жетектеген Опумбаевге, баш прокурор болгон Жамшитовго такалып жатат. Ошон үчүн эмне кыларын билишпей, сот же алдыга же артка жылбай жөн эле кармап турушат. Биз болсо сотту ачык-айкын өткөрүп, иш кайра тергөөгө жөнөтүлүшү керек деп айтып жатабыз. Сооронбай Жээнбековду, качып кеткен Жунушалиев менен Опумбаевди, Жамшитовду чакыралы, ошондо адилет, акыйкат болот деп жатабыз. Ошол кездеги тергөөчү азыр ички иштер министринин орун басары болуп отурат. Биз акыйкат чечим чыгарына ишенбейбиз".

Улуттук коопсуздук комитетинин ошол кездеги жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жоопко тартуу талабы айтылып келе жатканы менен ушул жылдын башында аларга кылмыш иши козголбогону белгилүү болгон.

Кой-Таш окуясына байланыштуу Мискенбаевден сырткары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов баштаган мурдагы президенттин айрым тарапташтарына да айып коюлган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясынан улам камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде камалып, кийинчерээк кайра эркиндикке чыгарылган.

Ал арада 7-августта "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө бийлигине кайрылып, Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну өтүндү. Анда Азиз Батукаев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Кыргызстанда сыртынан өмүр бою соттолгон Жаныш Бакиевге алмашуу боюнча атайын операциясынын алкагында бошотулганы, бирок кийин бул план ишке ашпай калганы айтылат. Андан соң Азиз Батукаевди кармап келип, камакка алуу боюнча аракеттер жүргөнүн, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда бул иш толугу менен токтоп калганын жазган.

Буга байланыштуу Батукаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча аракеттерди жандантууну жана анын бошотолулушу боюнча ишти Жогорку сотто кайра кароону да суранган.

Алмазбек Атамбаев ушул тушта Молдовановкадагы №27 колонияда отурат. Апта башында анын адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин саламаттыгы начарлап кеткенин билдирген.

Жазында Атамбаев сот жараяндарына катышуудан баш тартып келген. Жактоочусу менен жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан. Жаза аткаруу кызматы бул айтылгандарды төгүндөгөн.

Ошол маалда президент Садыр Жапаров бул окуяларга байланыштуу үн каткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен.

"Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот жараянын жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип, түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?", - деп жазган Жапаров.

Буга көп өтпөй эле Атамбаев жооп кайтарган. Анын “Социал-демократтар” партиясы жарыялаган катында күнөөсүз экенин белгилеп, ырайым сурабай турганын билдирген. Мурдагы президент соттон качпаганын, сот отурумдарына ден соолугуна байланыштуу катышпай жатканын айтып, “Мен сурак же сотко барганда деле эч нерсе өзгөрбөйт” деп кошумчалаган.

Кой-Таш окуясында окко учкан офицер Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Атамбаевдин сотко катышпай жатканын сындаган:

“Сот үчүнчү жылга кетип жатат. Бир жыл үч айдан бери сот боло элек. Анткени Атамбаев сотко келбейт, жүрөгү оорулуу экен. Эми ич кийимчен сүйрөп чыгышты деп мамлекетти уят кылып жатышат. Мен таң калып бүтпөй атам. Түрмөдө жүрөгү оорубаган адам барбы? Мен канча ооруп атам. Санкт-Петербургга чейин барып дарыланып келип жатам. Мен оорумду кимге айтам? Сотко келип акталып албайбы. Ал жерде жабырлануучу жалгыз мен. Атамбаев ошондо сотко келип койсо, уулум өлбөйт эле го. Эми дагы сотко келбей жатат”.

Коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Кой-Таш окуясы бардык бийликке сабак болушу керек деген көз карашта:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Ушундай адам өлгөн, ондогон адам жарадар болгон чуулгандуу окуя өлкө тарыхындагы трагедия, так болуп калат. Кой-Таш окуясынан биздин бийликтегилер чоң сабак алышы керек. Ошол убакта бийликте отурган адам менен, бийликте отуруп кеткен адамдын ортосундагы келишпестиктин негизинде, мыйзамга баш ийбегендиктин негизинде ушундай чуулгандуу окуя болду. Ачыгын айтканда, 2017-жылдагы шайлоодо Атамбаевдин жеке кийлигишүүсү болуп, айрыкча региондорду кыдырганда үгүткө катышып, бийликке өзүнүн жакын адамдын коюп, ошонун негизинде кош бийлик жасайм деген максат болуп калбадыбы. Ал баарыбызга белгилүү. Бирок анын аягы эмне менен бүткөнүн биз көрдүк. Бул чоң сабак болушу керек" .

Кой-Таш окуясына байланыштуу мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал 2019-жылдын аягында корутунду чыгарган. Анда бул окуяга Атамбаев менен анын тарапташтары жооптуу экени жазылган. Ошондой эле атайын кызмат менен милиция мурдагы президентти суракка күч менен алып келүү боюнча иште ката кетиргенине карабастан, алардын ишин мыйзамдуу деп тапкан.

Комиссиянын корутундусуна күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилиги камтылбай калганы сын жараткан.

Кой-Ташта 7-8-август күндөрү күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40 УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG