Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Иранда парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо башталды


 Иран парламентинин жыйыны. 4-апрель, 2022-жыл.
Иран парламентинин жыйыны. 4-апрель, 2022-жыл.

Иранда 7-августа кийинки жылдын март айында өтүүчү парламенттик шайлоого талапкерлерди расмий каттоо башталды. Бул Ирандагы жүздөгөн адамдын өмүрүн алган нааразылык толкундоолорунан кийинки алгачкы шайлоо жараяны болуп калат.

Ирандагы 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин президенттик жана парламенттик шайлоо үзгүлтүксүз өтүп келет. Бирок бийлик талапкерлердин ар бирин дыкат текшерип чыгат жана акыркы сөздү Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи айтат.

Өлкөдө былтыр сентябрдан баштап бир нече ай 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу калайман нааразылыктар тутанган. Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деген айып менен камалып, жабык жайда көз жумган.

Эл аралык уюмдардын эсебинде, демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза тапкан.

Нааразылыкка чыккан миңдеген активист камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылган.

Укук коргоочулар менен Батыш өлкөлөрү айыпталгандарга каршы сот жараяндарын "жасалма" деп аташкан жана чечимдер жабык чыгарыларын сындашкан.

Иран парламенти 290 орундан турат. Алгач талапкерлер онлайн каттоодон өтүшөт. 2020-жылдагы шайлоо алдында 7000ден ашуун талапкер каттоодон өткөрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG