Иранда 2022-жылы өлүм жазасына тартылгандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу адам укугун коргоочу уюмдар 13-апрелде кабарлашты.
Тегеран былтыр кеминде 582 кишини өлүм жазасына тартканы, бул 2015-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экени Норвегияда жайгашкан "Ирандагы адам укуктары уюмунун" (IHR) баяндамасында айтылат.
Ушундай эле маалыматты баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Өлүм жазасына каршы бирге күрөшүү" уюму да тартты. Баяндамаларда 2021-жылы 333 өлүм жазасы ишке ашырылганы да жазылган.
"Ирандагы адам укуктары уюмунун" директору былтыр сентябрдан бери өкмөткө каршы нааразылык акциялары күчөгөнүнө байланыштуу бийлик элди өлүм жазасы менен коркутууга өткөнүн белгиледи.
Иранда зордуктоо, педофилия, маңзат аткезчилиги, куралдуу талап-тоноо, террорчулук, адам уурдоо, бир жыныстуу катнаш, сойкулук менен алектенүү, Ислам режимин кулатуу үчүн кутум уюштуруу, козголоң чыгаруу, динден баш тартуу, кудайга акарат келтирүү жана башка бир катар кылмыштарга айыпталгандар өлүм жазасына тартылат. Эл аралык коомчулук кылмыш жасаганы далилденбеген жарандар да өлүмгө кириптер болуп жатышы ыктымал деп тынчсызданышат.
2015-жылы Иранда 977 адам өлүмгө өкүм кылынган. Андан кийинки жылдары 500дүн тегерегинде болуп, 2021-жылы салыштырмалуу азайган.
Былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда митингдер тутанган. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.
Нааразылыкка чыккан миңдеген активисттер камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылды. Тегеран өкмөткө каршылык маанайынын артында Батыш турат деп эсептейт.