Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Чаткал -Ташкент жолу курулат


Чаткал-Талас жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Чаткал-Талас жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чаткал району менен Өзбекстандын борбору - Ташкент шаарын бириктирүүчү жолдун курулушу бир ай аралыгында башталат.

Бул тууралуу Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жаңы каттамдагы жолду куруу үчүн долбоор чийилип жатат.

"Чаткал-Ташкент жолунун Беш-Арал коругунун аймагынан өтүүчү багыты өзгөрүлдү. Азыркы тапта жолдун долбоору чийилип жатат. Жол куруу боюнча инвестор бар", - деди аким.

Сенирбаевдин айтуусунда инвестор Кыргызстанга тиешелүү 70 чакырым жолду курат, Өзбекстан өзүнө тиешелүү жолду курат.

Чаткал -Ташкент жолунун узундугу 150 чакырымды түзөт. Совет доорунда бул жолдо ат менен гана жүрүүгө мүмкүн болгон.

Чаткал районун түндүгүнөн Талас-Чаткал жолу, түштүк тарабынан Ала-Бука – Жаңы-Базар - Чаткал автоунаа жолу байланыштырып турат. Кышы оор, татаал аймак болгондуктан жолдор кар көчкүдөн жумалап жабылып, облус борбору менен байланыш үзүлүп калган учурлар көп болот.(TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG