Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

АКШнын коргоо министри Украинанын премьер-министри менен жолугушту


Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал жана АКШ коргоо министри Ллойд Остин жолугушуунун алдында. Пентагон, АКШ. 12-апрель, 2023-жыл.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал жана АКШ коргоо министри Ллойд Остин жолугушуунун алдында. Пентагон, АКШ. 12-апрель, 2023-жыл.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 12-апрелде Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал менен Пентагондо жолугушту. Остин Шмыгалга АКШ Украинага коопсуздук жагынан жардам берүүнү улантарын айтты.

"Америка авазы" радиосу белгилегендей, Остин Америка Кошмо Штаттары Украинанын эркиндик үчүн күрөшүн ар бир кадам сайын колдоп келет:

"Биз коопсуздук жагына ондогон миллиард доллар бөлдүк. Союздаштар жана өнөктөштөр менен бирге HIMARS жана гаубицаларды, NASAMS жана IRIS-Ts, Strykers жана Leopards жана башка көптөгөн системаларды жеткирдик. Бул согуш талаасында кыйла жеңиштерге алып келди", - деди ал.

Шмыгал Украинага дагы деле аскердик колдоо зарылдыгын, анын ичинде аба соккусунан коргонуучу жабдуулар, оор артиллерия, минометтор жана ок-дарыларга муктаждык күч экенин билдирди. Алыскы аралыкка учуучу ракеталарды берүү маселесин да карап көрүүнү өтүндү.

"Бизге өзүбүздү жана Европаны коргоо үчүн оор техникалар, учактар зарыл, -деди украин өкмөт башчысы, - Биз АКШнын танк коалициясына кошулуп, Украинага Abrams танктарын, кургакта жүрүүчү Bradley жана Stryker унааларын берүү чечимин кубануу менен кабыл алдык. Баскынчылардын мизин кайтаруу үчүн аскер техникаларынын санын көбөйтүү керек".

Украин премьер-министри АКШны Украинага аскердик учактарды берүүчү коалицияга кошулууга чакырды. Ал Америка Украинага F-15 же F-16 учактарын берүү менен өзүнүн лидерлигин дагы бир ирет ырастай аларын кошумчалады.

Шмыгал Орусия Украинага согуш ачып, өлкөнү кыйратканы үчүн кенемте төлөшү керектигин да белгиледи.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты (OHCRH) Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 8500 карапайым кишинин өлүмү ырасталганын билдирди жана реалдуу сан мындан көп болушу мүмкүн экенин билдирди.

Орусия согуш ачкандан бери өлкө болжол менен 700 млрд. доллар чыгым тартканын өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирген. Миңдеген адамдар набыт болуп, он миңдеген адамдар баш калкасыз калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG