Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

"Жеңиштин артында оор эмгек бар". Айсулуу бешинчи алтынды тагынды


Азия чемпионаты: Айсулуу бешинчи алтынды тагынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Азия чемпионаты: Айсулуу бешинчи алтынды тагынды

Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында балбан Айсулуу Тыныбекова алтын байге утту. Бул жетишкендиги менен ал кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.

Тыныбекова Азия чемпионаттарына тогуз жолу катышып, (2018-жылды эсепке албаганда) ар бир мелдештен байге менен кайткан. Ал 2013-жылдан бери Азия чемпионатынын беш алтын, үч күмүш, эки коло байгесин утту.

Астанада өткөн Азия чемпионатында Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалда монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдрож менен беттешти. Таймаш кызуу жүрүп, 9:5 эсебинде Айсулуу жеңишке жетти.

"Бул Азия чемпионаты мен үчүн чоң сыноо болду. Анткени былтыркы жыл мен үчүн ийгиликсиз жыл болду", - деди Айсулуу беттештен соң журналисттерге курган маегинде.

Ал жеңишке жетиш үчүн талбай аракет кылганын айтып берди:

"Жашоо өзү күрөш. Мен дагы өзүм менен өзүм күрөштүм. Жыл башталгандан бери мен чоң сыноолордон өтүп жатам. Ар бир адам биз жеткен ийгиликтерди, байге утуп, бийик секиде турганыбызды гана көрөт. Ар бир ийгиликтин артында оор күндөр, тынымсыз машыгуулар, эмгек жатат. Азыр мен өзүмө биринчи кезекте баарына чыдаганым үчүн рахмат айткым келет. Өзүм менен сыймыктанам. Алдыда Дүйнө чемпионаты турат, эми ага даярданам",- деди ал.

Тыныбекова Астана анын спорттук жолундагы ак жолтой шаар экенин, үч олимпиадага жолдомону ушул шаардан утканын эске салды.

Спортчу Азия чемпионатында таймаштарын чейрек финалдан баштап, алгачкы атаандашы, өзбекстандык Дилфуза Аимбетованы 13 секундада көтөрүп чаап, далысын килемге басып утту.

Жарым финалда жапониялык Нонока Озакини жеңди (2:2).

Айсулуу Тыныбекова менен Оркхон Пуревдрож Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. Астана шаары. 12-апрель, 2023-жыл.
Айсулуу Тыныбекова менен Оркхон Пуревдрож Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. Астана шаары. 12-апрель, 2023-жыл.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Калмиранын колосу, Мээримдин ызасы

Кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстандын атынан Азия чемпионатындагы таймаштар 11-апрелде башталып, бул күнү Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Калмира Билимбек кызы жана Арууке Кадырбек кызы мелдешке чыгышты.

Калмира Билимбекова чоңдор арасындагы Азия чемпионатына биринчи жолу катышты. Ал 59 килограмм салмакта күч сынашып, айлампа тартибинде төрт беттеш өткөрдү. Алгач казакстандык Диана Каюмованы 2:1, экинчи беттешинде өзбекстандык Сарбиназ Жиенбаеваны 11:0 эсебинде утуп, жарым финалда кытайлык Жуомалага Жуомалагага жеңилди (2:6). Коло байге үчүн беттеште казакстандык Диана Каюмова менен кайрадан беттешип, 11:6 эсебинде жеңди.

Калмира жеңиш да оңой менен келбегенин айтты:

"Азия чемпионатында оңой беттеш болбойт. Бүгүн коло байге алдым. Максатыбыз алтын медаль болчу. Бирок эмгегим менен колого татыктуу экем. Буга дагы ыраазымын", - деди ал.

Мээрим Жуманазарова 68 килограммда коло медаль үчүн күрөшүп , алган жаракатынан улам мелдештен четтеп калды. Мээрим жарым финалда жапониялык балбанга 2:6 эсеби менен утулуп, коло үчүн казакстандык 37 жаштагы Елена Шалыгинага каршы таймашка чыкты. Беттеш учурунда Елена Шалыгина Жумназарованы башы менен сүзүп, Мээримдин мурду канап кетти. Мээрим беттешти улантууга даяр экенине карабай, дарыгерлер беттешти токтотушту жана натыйжада жеңиш Шалыгинага ыйгарылды.

Мээрим көзүнө жаш алып килемден узады.

Мээрим Жуманазарованын жаракат алган учуру. Астана шаары. 11-апрель, 2023-жыл.
Мээрим Жуманазарованын жаракат алган учуру. Астана шаары. 11-апрель, 2023-жыл.

Кыргызстандык спорт ышкыбоздору Мээрим менен Еленанын беттешин талкуулап жатышат, көбү адилет чечим чыгарбады деп калыстарга нааразы.

Айпери Медет кызы финалда дагы бир казакстандык балбан Элмира Сыздыковага жеңилип, 2-орунду ээледи. Ал 76 килограмм салмакта жалпы үч беттеш өткөрдү. Алгач чейрек финалда индиялык Прия Прияны 4:0, жарым финалда жапониялык Мизука Нагашиманы 3:2 эсебинде утуп алган.

Спорт журналисти Адинай Курманова кыргызстандык кыздардын таймаштарына төмөнкүдөй баасын берди:

"Кыргызстандык балбандардын Азия чемпионатындагы ийгиликтери абдан сүйүндүрүп жатат. Кыз-келиндер күрөшү боюнча айта турган болсок, Айпери Медет кызы финалга чыгып кубандырды. Финалда абдан күчтүү, тажрыйбалуу балбанга туш келди. Элмира Сыздыкова - Олимпиаданын коло байгесинин ээси. Буга чейин экөө көп ирет беттешкен. Айпери финалда кылдат күрөшкөнгө аракет кылды. Бирок Элмиранын алда канча тажрыйбалуу экени талашсыз. Ал эми Мээримдин 3-орун үчүн беттешин көрүп, мен да ыйладым. Казак балбаны башы менен сүзүп алды. Атайлап болбошу мүмкүн. Калыстар туура чечим чыгарса болмок. Бирок ден соолук маанилүү. Мээрим дайыма мелдештерден алтын медаль утуп жүргөн. Жок дегенде коло медаль алып келчү. Ошондуктан Мээрим медалсыз келүүнү каалаган жок".

Кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар 10 салмакта өттү. Кыргызстандык кыздар сегиз салмакта күч сынашты. Эки күнгө созулган таймаштардын жыйынтыгында бир алтын, бир күмүш жана бир коло байге алган Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы командалык эсепте 14 команданын ичинен 7-орунду ээледи. 1-орунду 10 салмактын ичинен тогуз салмакта байге уткан Жапониянын курамасы ээледи.

Жапондордун энчисине беш алтын, эки күмүш жана эки коло байге буюрду. 2-орунду Кытай ( эки алтын, бир күмүш, үч коло), 3-орунду Индия курамасы (эки күмүш, беш коло) алды.

Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты 9-апрелде башталган.

Буга чейин 9-10-апрелде болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге менен командалык эсепте 2-орунду ээлеген.

Бул Азия чемпионатында дүйнө чемпиону Акжол Махмудов (77 кг) Азиянын үч жолку, дагы бир дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Азиянын эки жолку чемпиону болсо, жаш балбан Акылбек Талантбеков (82 кг) биринчи жолу Азиянын чемпиону аталды.

Күмүш байгеге Үзүр Жусупбеков ээ болсо (97 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Роман Ким (130 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло байге алды.

13-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар башталып, 14-апрелде аяктайт.

Бул күндөрү Кыргызстандан Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг), Адилет Жапаркулов (74 кг), Адилет Маратбаев (79 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг), Мирлан Чыныбеков (92 кг), Арсланбек Турдубеков (97 кг), Музафар Жаппуев (125 кг) күч сынашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG