Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргыз футболун өзгөрткөн Крестинин


Александр Крестинин оюн учуруда.
Александр Крестинин оюн учуруда.

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын дээрлик тогуз жылдай машыктыргандан кийин 3-апрелде кызматтан кетти.

44 жаштагы орусиялык адис улуттук курама команда менен 50 расмий эл аралык, 26 жолдоштук беттештерди өткөрдү. Жалпысынан Крестининдин кол астында "Ак шумкар" командасы 34 оюнда уткан. Башкы машыктыруучунун кызматтан кетиши 2024-жылы январда Катарда өтө турган Азия Кубогуна аз калган учурга туура келди.

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткени 3-апрелде белгилүү болду.

Кыргыз футбол союзунун билдирүүсүнө караганда, ал кызматтан "Кыргыз футболдук союзу жана Александр Крестининдин өз ара чечими менен" кеткени жазылган.

Крестининдин эмгеги кыргыз футболу үчүн баа жеткис экенин белгилеген Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медер Сыдыков жакынкы күндөрү жаңы машыктыруучу дайындаларын билдирди:

Медер Сыдыков.
Медер Сыдыков.

"Учурда Футбол уюмунун техникалык комитети бир канча талапкерлердин аты-жөнүн, кайсы машыктыруучу менен сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалыматты Футбол уюмунун аткаруу комитетине чыгарат. Андан кийин гана аткаруу комитети менен чогуу чечим кабыл алабыз. Азырынча ушундай", - деди Медер Сыдыков.

Александар Крестининдин кызматтан кетиши Индияда үч кураманын жолдоштук беттешинде Кыргызстандын командасы эң акыркы орунду ээлегенден кийинки учурга туура келди.

22-28-мартта Индияда өткөн мелдеште Индия, Мьянма жана Кыргызстан беттешип, "Ак шумкар" Мьянма менен тең чыгып, Индияга 2-1 эсебинде утулуп, эң акыркы орунду алган.

КТРКнын спорт каналынын комментатору Бексултан Усеналиев дал ушул акыркы беттештер Крестининдин башкы машыктыруучулуктан кетишине түрткү болгонун белгилейт.

"Александр Крестининдин кыргыз футбол тарыхындагы орду чоң. Бирок ар бир нерсенин аягы болот экен. 10 жылга жакын убакыттан кийин кетип жатат. Менин оюмча Мьянма менен болгон беттеш акыркы түрткү болду деп ойлойм. Анткени оюн, команданын стили эскирип кеткени акыркы жылдары көрүнүп жаткан. Бул көйгөй топтолуп отуруп, акыркы жолдоштук беттештерде көрүндү. Мьянма курама командасы менен болгон беттештей начар оюнду, биздин улуттук курама командабыз акыркы 10 жылда ойной элек болчу. Азия Кубогуна эми курама жаңы машыктыруучу менен даярданат деп ойлойм. Курамда тажрыйбалуу, жаш, жаңы оюнчулар бар. Баары жаңы машыктыруучуга гана көз каранды. Эгер ал жаңы дем, идея менен келсе, ушул эле курам менен жакшы жыйынтык көрсөтсө болот".

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол уюму менен 2014-жылы келишим түзүп, ушул эле жылы 13-декабрда алгачкы жолу улуттук кураманы Кытайдын командасы менен болгон жолдоштук беттешке жетектеп чыккан.

Крестининдин жетекчилигинде Кыргызстандын футбол курамасы 2018-жылы ФИФА рейтингинде 146-орундан 75-орунга чейин көтөрүлүп, өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна жолдомо алган. Буга чейин улуттук курама команда эң төмөн рейтинги үчүн Азия Кубогунун тандоо оюндарына катыша албай же катышса да тайпадан чыга албай келген.

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев БАЭ курама командасы менен болгон беттеш учурунда. Азия Кубогу. 21-январь, 2019-жыл.
Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев БАЭ курама командасы менен болгон беттеш учурунда. Азия Кубогу. 21-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын курамасы 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жетти. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. 2022-жылы курама Азия кубогуна экинчи жолдомону алды.

Крестининди кыргыз футболу менен бир гана "Ак шумкарлар" бириктирбейт. Ал 2009-жылы машыктыруучу-оюнчу катары "Нефтчи" футбол клубун чемпион кылган. 2017-жылдан 2021-жылга чейин “Дордой” клубу менен төрт ирет Кыргызстандын чемпиондугун уткан.

Александр Крестинин 2021-жылы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, эмне үчүн Кыргызстанда футбол өнүкпөй жатканын, машыктыруучунун жоопкерчилиги тууралуу пикирин ортого салган.

"Шарттар мурда кандай болсо ошондой, өзгөрүү жок. “Абдыш-Атанын” дурус базасы бар. Анан дурус дегидей шарт “Дордойдо”, болду анан... 20 жыл мурда ушундай болчу. Өлкө, башка жактардан эч кандай өзгөрүү болбоду. Кымбат баалуу легионерди алып келиштиби? Жок. Сырттан мыкты машыктыруучулар келдиби? Кыргызстан футболуна жаңы бир нерселерди алып келиштиби? Жок! Спорттун максаты – мыктыларды тандоо".

Крестининдин ордуна ким?

Орусиялык Sports.ru сайты футбол жаңылыктарына адистешкен өзбекстандык Championat Asia сайтына шилтеме берип Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын Андрей Канчельскис жетектеши мүмкүн.

Маалыматка караганда, 54 жаштагы адис 2-апрелде Кыргызстанга келген.

Ал 2018-2020-жылдары Намангандын "Навбахор" клубун машыктырчу. Ага чейин "Торпедо-ЗИЛ", "Уфа", "Юрмала" жана "Солярис" клубдарын жетектеп келген.

Бир кездери СССРдин, Орусиянын курама командаларында, англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунда ойночу.

КТРК спорт каналынын комментатору Бексултан Усеналиев Улуттук курама команданын чылбырын мурда-кийин улуттук курамаларды машыктырбаган адамага кармата салуу туура эмес деген ойдо.

"Эми андан кийин ким келиши керек деген суроо жаралууда. Англия Премер-лигасында ойногон "Манчестер" футбол клубунун легендасы Андрей Канчельскис келиши мүмкүн деген имиштер болуп жатат. Ооба, ал легендарлуу оюнчу. Бирок анын курама командалар менен иштөө тажрыйбасы такыр жок. Менимче, кыргызстандагы адистерди карасак болот. Ошол эле Валерий Березовский, Мирлан Эшенов, Максим Лицинсин деген машыктыруучулар бар. Эгер алар туура келбей калса Батыш Европадан жакшы машыктыруучуларды таап келсе болот. Анткени улуттук кураманы машыктырган бул өтө чоң статус. Аны каалаган машыктыруучулар өтө көп", - деди Усеналиев.

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты - Премьер-лигада учурда 10 команда мелдешке катышып жатат. Улуттук курамага оюнчулар дал ушул командалардан тандалып алынат. Андан сырткары акыркы жылдары Александр Крестинин чет өлкөдө ойногон футболчуларды да чакырып келген.

Футбол уюмунун мурдагы президенти Амангелди Муралиев кыргыз футболунун азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду:

"Дүйнөлүк футбол өсүп атат. Анын деңгээли өтө жогору болду. Хорватия менен Марокконун улуттук курамаларынын дүйнө чемпионатындагы көрсөткүчүнө жетүүгө Кыргызстандын деле мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бизде массалык футбол жана клубдук футболдун деңгээли төмөн болуп жатпайбы. Атаандаштык да жок. Эми дүйнөлүк деңгээлге чыгууга Кыргызстан үчүн кыйла кыйын. Кыргыз футболу атаандаштыкты жеңе алабы деген суроо жаралат. Ошондуктан улутук кураманын эл аралык мелдештерге көбүрөөк катышканы жакшы. Күчтүү курамалар менен ойносо, тажрыйбасы да, оюнунун сапаты да өсөт".

Азия кубогу 2024-жылы Катарда өтөт. Турнирге 24 команда катышат. Кыргызстан бул мелдешке экинчи ирет катышканы турат. "Ак шумкарлар" Азия кубогуна 2022-жылы кайрадан жолдомо утту.

Футбол күйөрмандарынын арасында Азия кубогуна аз калганда Крестининдин башкы машыктыруучулуктан кеткенине кейигендер да жок эмес.

Кантсе да Александр Крестинин Кыргызстандын улуттук курамасын эң көп жетектеген жана эң көп жеңишке жеткирген машыктыруучу болуп калат. Ал "Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу", "Данакер" мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланган.

Крестинин журналисттерге жасаган орой мамилеси же футболчулар менен пикир келише албай калганы үчүн бир нече ирет сынга кабылган.

2021-жылы август айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Азамат Байматов өлкөнүн футбол бирлигин сындап, Крестининдин кызматтан кетишин талап кылган. Ал эми Азия кубогуна тандоо оюндары болуп жатканда КТРК спорт каналы аны оюн бүткөнчө экрандан көрсөтпөй койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG