Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында балбан Айсулуу Тыныбекова алтын байге утту. Ал бул жетишкендиги менен кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.

Тыныбекова 12-апрелде 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалда монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдрож менен беттешип, 9:5 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин балбан кыздар эки жолу беттешип, бир ирет Айсулуу жеңишке жетсе, бир ирет жеңиш Пуревдрож тарапта болгон.

Айсулуу Тыныбекова беттешин чейрек финалдан баштап, алгачкы атаандашы өзбекстандык Дилфуза Аимбетованы көтөрүп чаап, далысын килемге басып утуп кетти.

Жарым финалда жапониялык Нонока Озока менен 2:2 эсебинде тең чыгып, Айсулуу Тыныбекова эки упайды чогуу, ал эми жапон кыз бир-бирден бөлүп алганы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.

Айсулуу Тыныбекова жапониялык Нонока Озока менен жарым финалда күрөшүп жаткан учуру. Астана. 12-апрель, 2023-жыл.
Айсулуу Тыныбекова жапониялык Нонока Озока менен жарым финалда күрөшүп жаткан учуру. Астана. 12-апрель, 2023-жыл.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Ал 2013-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына тогуз жолу катышып, баарында тең байге алган. Буга чейин төрт жолу жеңүүчү аталса, үч күмүш, эки коло байге уткан.

Дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло байгеге ээ болгон. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Айсулуу Тыныбекованын байгесин кошкондо кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынан Кыргызстандын курама командасы бир алтын, бир күмүш жана бир коло байге менен командалык эсепте 14 команданын ичинен 7-орунду ээледи.

11-апрелде 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы күмүш байге, 59 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы коло байгеге ээ болгон. Бул мелдешке Кыргызстандан сегиз балбан кыз катышты.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 14-апрелге чейин уланат. Эртең эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. 9-10-апрелде болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге менен командалык эсепте 2-орунду ээлеген. (GT)

XS
SM
MD
LG