Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Казакстан менен Кытай визасыз режим киргизүүнү көздөөдө


Кытай жана Казакстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай жана Казакстандын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн "Казакстан жана Кытайдын ортосундагы виза талаптарынан бошотуу жөнүндөгү келишимге кол коюу" тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоору коомчулук талкуусунда 26-апрелге чейин болот.

Келишимге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери быйыл, 18-19-майда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик визит менен барганда кол коюшу пландалууда.

Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып, отуз күнгө чейин, 180 күндүк аралыкта жалпы 90 күн визасы жок жүрө алат.

Былтыр Казакстан кытай жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген. Ага ылайык, кытай жарандары 180 күндүк мөөнөттө Казакстанда 42 күндөн ашык жүрө албайт деген эреже кирген. Бул эреже Индиянын жана Ирандын жарандары үчүн да киргизилген.

Быйыл февралда "Атажурт" кыймылы Астанадагы жолугушуу учурунда бийликтен Кытай менен визасыз режимди алып салууну талап кылган. Кыймыл мунун себебин бул эреже Кытайдын бардык жарандарына иштебей турганын менен түшүндүргөн.

"Шинжаңдык казактар Кытайдын паспорту колунда турса да муну пайдалана алышпайт. Алар эркин жүрүү укугунан ажыратылган. Визасыз режим Кытайдын кытай улутундагы гана жарандары үчүн иштейт. Бийликтин "казактардын байланышы жакшырат" дегени - жалган", - деген кыймылдын өкүлү Капар Акат.

Казакстандын бийлиги Кытай менен визасыз режим тууралуу келишим эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырат деп билдирүүдө.

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу жана анын кытай кесиптеши Цинь Ган келишимге Сиан шаарында, Казакстандын президенти 18-19-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен барганда кол коюшат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG