Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Бишкек шаардык соту “Азаттыктын” Финчалгын кызматына каршы арызын карап жатат


Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын карап жатат. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Финчалгын кызматынын былтыр октябрь айында радиону "Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын" тизмесине киргизилишин жана “Демирбанктагы” банк эсеби бөгөттөлөшүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүүдө.

Буга чейин бул арызды караган Бишкектин Административдик соту адвокаттын арызын канааттандырбай, ишти кыскартып салган.

Шаардык сотто “Азаттыктын” арызын курамына судьялар Болот Сатыбалдиев, Нурия Бекбаева, Антониа Рыбалкина кирген соттук коллегия карап жатат.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Бирок бүгүнкү сотто Финансылык чалгын кызматынын өкүлдөрү "Азаттык Медианы" былтыр 28-декабрда "Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын" тизмесинен чыгарылганын айтып, буга байланыштуу ишти кароого негиз жоктугун билдирди.

Финчалгын кызматы былтыр жыл аягында «Азаттыкты» шектүү уюмдардардын катарынан чыгарса да радионун "Демирбанктагы" банк эсептери ачыла элек. Буга чейин Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишинин алкагында "Азаттыктын" эсептери соттун чечими менен камакка алынганы белгилүү болду.

Бирок аталган иште “Азаттыктын” юридикалык макамы беймаалым. Бул иш боюнча толук маалыматты ИИМ кылмыш ишинде жашыруун гриф бар деген негизде бербей келет.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

Былтыр 26-октябрда Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин вебсайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган. "Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Соңку мезгилде "Азаттыктын" сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү, ага байланышкан соттук процесстер өлкө күн тартибиндеги негизги темалардын бири болууда. Буга чейин өлкөдөгү бир катар саясатчылар, журналисттик коомчулук, жарандар, эл аралык уюмдар "Азаттык" туш болгон акыркы кырдаалды басым катары сыпаттап, тынчсыздануусун билдирген.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG