Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Президент Жапаров Ысык-Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алат


Ысык-Көлдө каза болгон Бекболду акыркы сапарга узатуу. Талас облусунун Манас району. 7-август, 2023-жыл
Ысык-Көлдө каза болгон Бекболду акыркы сапарга узатуу. Талас облусунун Манас району. 7-август, 2023-жыл

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында эс алууда жүрүп каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди”, - деп жазды Султанбаев.

Окуя 5-августта Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы көл жээгинде болгон. Жакындары ал киши колдуу каза болгонун айтып, бирок муну милиция "алкоголдук интоксикация" деп атаганына нааразылык билдирүүдө. Облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Айгүл Такырбашева буга байланыштуу териштирүү иштери башталганын, соттук медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы чыга электигин тактады.

"6-августта таңкы саат 05:10 чамасында Бостери милициясына билдирүү түшкөн. Анда "Алтын Кум" пансионатынын кум жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну каза болгону айтылган. Милиция алгачкы кароо иштерин жүргүзгөндө, маркумдун денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Каза болгон Бекболдун классташтары 5-августтун кечинде эс алуу үчүн Бостери айылына келишкен. Көл жээгиндеги бардын жанында эс алып отурганда башкалар менен пикир келишпестик чыгып, уруша кетишкен. Ага алгачкы медициналык жардамды Ош облусунун 23 жаштагы тургуну көрсөткөн. Азыр териштирүү жүрүүдө. Жыйынтыгында КРдин мыйзамдарына ылайык баа берилет", - деди Такырбашева.

Маркумдун агасы Эрамир Малик уулу президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти адилет териштирүүнү суранган. Ал ошондой эле көз карандысыз экспертизага кайрылышканын айтты.

"Соттук медициналык экспертиза дайындашкан, биз дагы бир ирет өткөргүлө дегенибизге макул болбой коюшту. Биз сөөктү Таласка алып келип, өз алдыбызча экспертиза өткөргөнү жөнөттүк бүгүн. Ошол түнү кум жээкте жүргөндөр "иниме кол көтөрүү болгонун көрдүк" деп бизге айтышууда. Биздин билишибизче, инимди сабагандардын арасында аттуу-баштуу кишинин баласы бар, ошондуктан милиция мушташ болгонун жашырып, ишти жаап салууга аракет көрүүдө. Тергөө акыйкат жүрүп, күнөөсү барлар жазага тартылсын. Камчыбек Ташиевден бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранабыз".

Өткөн ай соңунда президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берген.

Ага Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын бириндеги кырсык себеп болгон. Анда эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп бараткан катер жанындагы теплоходго урунган. Ал кырсыкта 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз каза болуп, дагы бир киши ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу катердин 16 жаштагы айдоочусу кармалганы белгилүү болгон. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG