Иран Шираздагы мечитке тажик жараны кол салганын билдирди

Шираз шаарындагы Шах-Черах мечити. 13-август, 2023-жыл.

Ирандын бийлиги жекшемби күнү Шираз шаарындагы Шах-Черах мечитине Тажикстандын жараны кол салганын билдирди.

Фарс провинциясынын башкы прокурору Казем Мусави 14-августта маалымдагандай, шииттердин мечитине кол салууга байланыштуу сегиз адам кармалды. Алардын баары чет өлкөнүн жарандары.

"Негизги шектүү өзүн Рахматулло Норузов деп тааныштырды. Ал тажик жараны", - деди Мусави.

Мындай билдирүү боюнча Тажикстандын бийлиги азырынча маалымат бере элек.

13-августта Шах-Черах мечитинде ок атылып, андан кеминде бир адамдын өмүрү кыйылган. Сегиз киши жараат алган.

Шах-Черах мечити Ирандагы шииттер үчүн эң ыйык беш жайдын бири деп саналат.

Былтыр октябрь айында да бул мечитке кол салуу болуп, андан 15 киши каза тапкан. Ошол кезде кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алган.

Дагы караңыз

Украинадагы согуштан Нарынга кайтып келген кыргыз жараны кармалдыМинистрлик эмделбеген эки бала кызылчадан көз жумганын ырастады Кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды Зордуктап өлтүрүүгө айыпталган өспүрүмдүн жакындары ал күнөөсүз экенин айтып Бишкекке келиштиКыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту