Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:15

Министрлик эмделбеген эки бала кызылчадан көз жумганын ырастады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын алгачкы алты айында эмделбеген эки бала кызылча (корь) оорусунан мерт болгонун ырастады. Бишкек шаарында үч жашар бала, Чүй облусунда бир жашар ымыркай бул дарттан көз жумганын, алардын ата-энелери диний ишениминен улам балдарына вакцина алуудан баш тартканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери кызылча жуккан 1704 учур катталган. Алардын көбү Ош облусу (609 учур) менен Бишкек шаарында (277 учур) болгон.

Кийинки орундарда Ош шаары (277 учур), Чүй облусу (165 учур), Жалал-Абад облусу (94 учур), Баткен облусу (89 учур), Талас облусу (74 учур), Ысык-Көл облусу (59 учур) турат. Нарын облусунда алты гана учур катталган.

Аталган министрлик ата-энелерди балдарын убагында эмдетип турууга чакырды, антпесе кесепети оор болорун эскертти.

Кызылча - аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы рамий бир гана бейтап катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG