Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

Канимет Осмонбеков Лейлек районунун акими болуп дайындалды


Канимет Осмонбеков.
Канимет Осмонбеков.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Канимет Осмонбеков Баткен обусуна караштуу Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Ал буга чейин президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.

Буга чейинки Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов эмне себептен иштен алынганы тууралуу маалымат бериле элек.

Өткөн айда "алдамчылыкка" айыпталып соттолгон Икрамжан Илмияновго "Лейлек районунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылган жана бул талаш-талкуу жараткан. Ошол маалда социалдык тармактарда акимдин иштен кетишин талап кылгандар болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу, ишенимдүү кеңешчиси катары таанылган, президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновду 2018-жылы октябрда кармаган.

Башкы прокуратура ага "жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган" деген айып койгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган жана 2019-жылы октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдой) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган.

2020-жылы июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, 5,5 жыл деп чегерген. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган. Күнөөсү жок экенин айтып келаткан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган.

XS
SM
MD
LG