Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналган төрт адам кармалды


Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт. Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектүү жарандар.
Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт. Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектүү жарандар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көлдүн Бостери айылына эс алууга келген Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("адам өлтүрүү") менен козголгон кылмыш ишин иликтеп-тергөөдө 100дөн ашык жаран суралганын жана алардын теңине жакыны күбө катары көрсөтмө бергенин маалымдады.

"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү жарандар аныкталды. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. Кылмышка шектүүлөр Ысык-Көл райондук милициясынын кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылган маалыматта.

ИИМ күбө катары сурак бергендердин айрымдары жалган көрсөтмө бергенин, алардын аракеттерине укуктук баа берилерин кошумчалады.

Райондук сотто кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, эки айга камалды. Учурда тергеп-иликтөө уланып жатат.

ИИМ өткөн аптада Аманкуловдун мерт болгон себебин иликтөө үчүн тергөө тобу түзүлгөнүн билдирген. Көп өтпөй министр Улан Ниязбеков анын жакындары менен жолуккан.

Ага чейин маркумдун туугандары тергөөгө байланыштуу нааразылыгын билдирген. Анда Аманкулов ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан.

Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.(MKt)

XS
SM
MD
LG