Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Прага: 60 миңдей киши бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну талап кылышты


Гей-парад. Прага, Чехия. 12-август, 2023-жыл.
Гей-парад. Прага, Чехия. 12-август, 2023-жыл.

Чехиянын борбору Прага шаарында 12-августта ири гей-парад болуп өттү. Полициянын мааалымдашынча, ага 60 миңдей адам катышты. Парадга катышкандардын арасында ички иштер министри Вит Ракушан жана тышкы иштер министри Ян Липавский да болгонун Dpa агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, параддын катышуучулары ЛГБТ символикалары менен кийинип, шаар аралап жүрүштү. Алар бир жыныстуу никени каттап, расмийлештирүү талаптарын айтышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ондогон адамдар гей-парадга каршы дагы жүрүш өткөрүп, бир жыныстуу никени айыптады.

Dpa агенттиги акыркы сурамжылоолорго таянып, өлкө калкынын 60% бир жыныстуу никени колдой турганын жазды. Июнь айында бир жыныстуу нике тууралуу мыйзам биринчи окуудан өткөн. Чехиянын Жарандык кодексине өзгөртүүлөр кирсе, бир жыныстуу никеге тургандар аял-эркек никесиндегидей эле укуктарга ээ болушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG