Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Орусиянын армиясы Одессаны дрон жана ракета менен аткылады


Орусия Одессаны бир айга жакын убактан бери, дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан тартып аткылап жатат.
Орусия Одессаны бир айга жакын убактан бери, дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан тартып аткылап жатат.

Орусиянын армиясы 14-августка караган түнү Одессаны "Шахед" дрондору жана "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылады.

Украинанын бийлиги анда бери дегенде үч адам жараат алганын кабарлады. Дүйшөмбүгө караган түнү Одессадан сырткары Киев баштаган бир катар аймактарда абадан эскертүү берилди.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнаттын сөзүнө караганда. Одессанын үстүнөн бир канча дрон атып түшүрүлдү.

Аймактагы аскердик администрациянын өкүлү Сергей Братчук аймакка үч жолу чабуул жасалганын маалымдады.

"Душман түндө үч ирет чабуул жасады. Анда жалпысынын 15 дрон жана сегиз "Калибр" ракетасы жок кылынды. Абадан коргоо күчтөрүнүн жардамы менен бардык чабуулдун мизи кайтарылды",-деди Братчук.

Ракеталардын сыныктарынан аймакта бир канча жерде өрт чыкты. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин билдиришинче, анда бир канча жер тамдын терезеси талкаланды. Маалыматтарга караганда окуу жайлардын биринин жатаканасы жана супермаркет жабыркады. Куткаруучулар өрттү өчүрүп жатат.

Орусия Одессаны бир айга жакын убактан бери, дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан тартып аткылап жатат.

Киев Москванын көздөгөнү дан экспортун үзгүлтүккө учуратуу экенин билдирген. Орус армиясы портко жасалган чабуулдун аскердик максаты гана бар экенин айтып, Крым көпүрөсүндөгү жардырууга жооп катары түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG