Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

УКМК Равшан Жээнбековдун жубайы жөнүндө дагы түшүндүрмө таратты


Салкынай Алимбаева 25-майда камалган.
Салкынай Алимбаева 25-майда камалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаевага козголгон кылмыш иши, анын тергелиши тууралуу 14-августта дагы түшүндүрмө берди.

Анда атайын кызмат Алимбаева жеке тараптарга кымбат баалуу жердин ижарага берилишине байланыштуу айыпталып жатканын, бул жер мамлекетке кайтарылганы белгиленген. Алимбаева менен кошо Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" ишканасынын кызматкерлери баштаган айрым адамдарга дагы айып коюлганы жазылган.

"Тергөөнүн жүрүшүндөгү чаралардын негизинде аталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, тилкенин баасы 1 464 383 000 сом деп эсептелди. Кылмыш-жаза мыйзамдарынын чегинде гана жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн Равшан Жээнбековго эч кандай тиешеси жок. Алимбаева саламаттыгына байланыштуу 29-июлда үй камагына чыгарылган. УКМК бул иш тууралуу ар кандай жоромолдор акылга сыйбастыгына көңүл бурат жана кылмыш ишин тергөө аяктап калганын билдирет".

УКМК Алимбаева тууралуу алгач 29-июлда кеңири маалымат тараткан. Анда учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу ушул тушта тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы жер тилкесин ижарага берүү боюнча аукциондо "мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын" билдирген.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан бул дооматтарды четке каккан.

Салкынай Алимбаева 25-майда камалган. Анын адвокаты Разак Ашимбаевдин ага Бишкектеги эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлганын айткан. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын ага тиешеси жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG