Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Кыргызстанда 84 миңге чукул бал челек каттоодон өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлиги 2020-жылы башталган бал челектерди идентификациялоо аяктаганын билдирди. Ага ылайык, учурда 1282 аары багылган чарбада 84 миңге чукул бал челек каттоодон өттү.

Алардын ичинен 81 миңи Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (ЖИКС) киргизилди.

Буга чейин өз алдынча иштегендерди кошкондо өлкөдө төрт миңге жакын балчы бар экени айтылып келген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын алты айында эң көп, тактап айтканда, 100 тонна бал Кытай менен Америка Кошмо Штаттарына экспорттолду.

Өлкөдө жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт. Адистер өлкөнүн 100 миң тоннага чейин бал өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешет.

Кыргызстандан бал негизинен АКШ менен Кытайдан сырткары Катар, Жапония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Түркия, Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG