Караколдо аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 67 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 15-августта “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 13-августта Каракол шаардык милициясына бир аял өз үйүндө киши колдуу болгону тууралуу “Тез жардам” кызматынан кабар түшкөн. Милициянын ыкчам-тергөө тобу каза болгон аялга өз үйүндө бычак урулганын аныктаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургунун кармашкан. Ал алдын ала сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү жаран Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда.

Дагы караңыз

Гавайи: Мауи аралында өрттөн каза тапкан адамдардын саны 96га жетти Бишкек: автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканы маалымдалдыАба ырайы: күн ачык болотОшто Европадан жумуш убада кылган адам алдамчылыкка шектелип кармалды